ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Президент Эрдоган жолугушууда НАТОнун Европа тирегин бекемдөө маанилүү экенин, Европа Биримдигинин коргоого багытталган аракеттери НАТОну толуктап турушу керектигин белгиледи.
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Президент Режеп Тайып Эрдоган Словакиянын президенти Петер Пеллегрини менен Президенттик комплексинде жолугушту. (АА)

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен NATO лидерлеринин саммити үчүн Анкарада келген Словакиянын президенти Петер Пеллегрини менен жолугушууда Түркия менен Словакиянын эки тараптуу карым - катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.

Президенттин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган жолугушууда Түркия менен Словакиянын өз ара соода жана инвестиция тармактарындагы максаттарына жетүү үчүн аракеттерин күчөтүү керектигин, энергия жана транспорт сыяктуу тармактардагы кызматташтык потенциалын карап чыгуунун эки өлкөгө тең пайда алып келерин билдирди.

Эрдоган НАТОнун Европа тирегинин бекемделиши маанилүү экенин, Европа Биримдигинин коргонууга багытталган аракеттеринин НАТОну толуктаган мүнөздө болушу зарыл экенин белгиледи.

Эрдоган Иран менен Украинадагы согуштарды дипломатия жолу менен аяктоого Түркия катары аракет кылып жаткандыктарын, Газада тынчтык менен туруктуулукту орнотуу жана гуманитардык апаатты токтотуу максатында интенсивдүү иш алып барылып жатканын баса белгиледи.

Иликте
Министр Фидан Кудс боюнча министрлер жыйынына катышат
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды
Израиль армиясы жана мыйзамсыз отурукташкандар июль айында Батыш Шериага 2256 жолу кол салды