ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Катар Иордания аркылуу Сирияга табигый газ жеткирүү демилгесин жарыялады
Бул демилге, Катардын Өнүктүрүү Фонду тарабынан акырындык менен көбөйтүлөт жана алгач 400 мегаватт электр энергиясын өндүрүүнү көздөөөдө.
00:00
Катар Иордания аркылуу Сирияга табигый газ жеткирүү демилгесин жарыялады
/ AFP

Катар Иордания аркылуу Сирияга жаратылыш газын жеткирүү демилгесин жарыялады. Бул демилге Сириянын электр энергиясын камсыздоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Сириянын мамлекеттик маалымат агенттиги SANA билдиргендей, Катардын Дамасктагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Халифа Абдулла аль-Шариф бейшемби күнү «демилге 400 мегаватт электр энергиясын өндүрүүдөн башталып, Катардын өнүктүрүү фонду тарабынан акырындык менен көбөйтүлөт» деди.

Сириянын электр энергия министри Өмер Шакрук Катар тарабынан берилген жардамдын күнүнө 2 миллион куб метр жаратылыш газын камсыздоо менен Сириянын энергетика секторун колдоого салым кошорун айтты.

"Бул салым күнүнө 2 миллион кубометр жаратылыш газын берип кошумча 400 мегаватт электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Ушундайча электр энергиясы жакшырып, суткасына 2-4 саатка көбөйөт” деген Шакрук бул өнүгүүнүн элдин күнүмдүк жашоосуна оң таасирин тийгизерин жана өлкөнүн маанилүү тармактарына колдоо көрсөтө турганын баса белгиледи.

Катар Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мажид Аль Ансари Катардын Сирияга энергетикалык жардам көрсөтүүнү каалап жатканын баса белгилеп, бул жардам Сириянын бардык аймактарын камтый турганын жана туруктуулукту жогорулатууга салым кошорун айтты.

Кайра куруу аракеттери

Катардагы "Аль-Жазира" телеканалына маегинде Аль Ансари, Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Сирия элин колдоо боюнча так көрсөтмөлөрдү бергенин билдирди.

“Катардын максаты Сириянын кайрадан курулуу процессине салым кошуу жана өлкөнүн муктаждыктарын канааттандыруу” деген Аль-Ансари Катардын 2011-жылдан 2024-жылга чейин Сирия калкынын жанында болгонун жана азыр да алардын кайрадан курулуу аракеттерин колдоп жатканын айтты.

Аль-Ансари ошондой эле Катардын Сирияга жардам көрсөтүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен координацияланып, дүйнөлүк актерлор менен кызматташып жатканын маалымдады.

Сирия Башар Асад режиминин кулашы менен курчуган олуттуу энергетикалык көйгөйлөргө туш болууда. Өлкөнүн жаңы администрациясы бул кризисти жеңилдетүү үчүн ар түрдүү кадамдарды жасоого аракет кылууда.

Иликте
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты