ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган : "ПКК террористтеринин куралдарын таштоо менен Түркия жеңди"
Эрдоган ПКК террористтеринин Ирактын түндүгүндө куралдарын таштоо менен "47 жылдык балээнин" акырына чыккандыгын жарыялады. Бул террордон тазаланган Түркия жана улуттук доорго карай ташталган символикалык кадам катары каралууда.
Эрдоган : "ПКК террористтеринин куралдарын таштоо менен Түркия жеңди"
/ AA

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган ПКК террористеринин Ирактын түндүгүндө символдук түрдө курал таштоосунан кийин Түркиянын террор менен күрөшүүдө ондогон жылдык күрөшүндө тарыхый бир бурулуш жерине жетишилгендигин жарыялады.

Эрдоган бул кадамды : “Бүгүн жаңы бир күн. Тарыхта жаңы бет ачылды. 47 жылдык террор балээсинин акырына чыгарылышы боюнча чечкиндүү кадам”,- деп мүнөздөдү.

Жума күнү ПККнын 30 террористти Ирактын түндүгүндөгү бир үңкүрдүн кире беришинде куралдарын өрттөдү. Абдан символдуу болгон бул аракет Анкара тарабынан уюмдун ыдырашынын башталышы катары мүнөздөлдү.

“Кечээтен тарта 47 жылдык террор балээси акырына чыгуу процессине кирди”,- деген Эрдоган : “Түркия оор, кайгылуу, көз жашы менен толгон бир бетти кечээтен тарта жаба баштады. Бүгүн чоң, күчтүү Түркиянын Түркия кылымынын каалгалары ачылды”,- деди

Террордон тазаланган Түркия үчүн алдыга карай жылуу

Эрдоган бул учурдун улуттук калыбына келтирүүнү да, стратегиялык жеңишти да чагылдырганын белгилеп, өкмөттүн террордон тазаланган Түркия убадасын кайталап биримдик жана укуктук реформалар менен алдыга жыла турганын айтты.

Эрдоган: «Биринчи кадам катары Түркия Улуу Улуттук Парламентинде комиссия түзүп, процесстин мыйзамдуу талаптарын талкуулай баштайбыз",- деди жана бирдикте иштеше тургандарын, бардык тоскоолдуктарды жеңе тургандарын белгиледи.

Бул ийгиликтин бир гана өкмөткө эмес, бүтүндөй түрк улутуна таандык экенин баса белгилеген Эрдоган: «Түркия жеңди, элим жеңди, түрк, күрт, араб, 86 миллион жараныбыздын баары жеңди»,- деди.

«Эмне кылсак, Түркия үчүн, эмне кылсак, улутубуз үчүн, эгемендүүлүгүбүз, келечегибиз үчүн жасап жатабыз",- деди президент Эрдоган.

Эрдоган улуттук эгемендүүлүк боюнча чечкиндүү позициясын баса белгилеп: "Баары ишенсин, биз Түркия Республикасы мамлекетинин кадыр-баркын тебелетпейбиз, башын эч качан ийдирбейбиз. Биримдигибизге, бүтүндүгүбүзгө, мекенибизге, элибизге, тынчтыгыбызга кол салууга жол бербейбиз", - деди.

Бул учурду жаңы доордун башталышы катары мүнөздөгөн Эрдоган: «Бүгүн улуу жана күчтүү Түркиянын таңы атат. Террорсуз Түркия долбоорун ушул түшүнүк менен жүргүзүүдөбүз. Түрк кылымынын каалгалары ачылды»,- деди.

Иликте
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Пакистан менен Сирия коргонуу жана коопсуздук байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуу жүргүздү
Батыш Шериада израилдик аскерлер атып салган палестиналык тез жардам унаасы келе албай каза болду
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады