Израиль күчтөрү оккупацияланган Батыш Шериада Женинге жакын жерде үч палестиналыкты өлтүрдү

Израилдин Газага жасаган чабуулунан бери эки жылдын ичинде 1000дөн ашык палестиналык өлтүрүлдү.

Израиль күчтөрү оккупацияланган Батыш Шериада Женинге жакын жерде үч палестиналыкты өлтүрдү. / Reuters

Израиль шейшемби күнү эртең менен басып алынган Батыш Шерианын түндүк бөлүгүндө жүргүзүлгөн операция учурунда үч палестиналыкты өлтүргөнүн билдирди.

Израиль полициясы бул үч кишинин Женинге жакын жердеги үңкүрдөн чыгып келе жатканда атылганын билдирди. Израиль аймактын согушкерлер көп жайгашкан жер экендигин айтууда.

Берилген маалыматта бул чабуулду палестиналыктардын пландагандыгы айтылды бирок кенен маалымат берилген жок. Ошондой эле, Израиль күчтөрүнүн үңкүрдү жок кылуу үчүн абадан сокку урганы белгиленди.

Израиль Газага кол салуулары башталгандан бери оккупацияланган Батыш Шериада 1057ден ашуун палестиналык өлтүрүлдү, 10300 адам жаракат алды жана алардын арасында 1600 бала бар, 20000ден ашуун адам да камакка алынды.

22-октябрда Израиль парламенти оккупацияланган Батыш Шерианы жана Маале Адумим мыйзамсыз конуш блогун аннексиялоо боюнча эки мыйзам долбоорун алдын ала окууда жактырды.

2024-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун эң жогорку соту болгон Эл аралык Сот Израилдин палестиналык аймактарды, анын ичинде Батыш Шерианы басып алуусун мыйзамсыз деп жарыялап, басып алынган Батыш Шериадагы жана Чыгыш Кудстагы бардык отурукташуу аймактарын эвакуациялоону талап кылды.