ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия Африка күнүн куттуктап, Африка Биримдиги менен 20 жылдык кызматташтыкты баса белгиледи
Африка күнүндө Түркия Африка Биримдиги менен 20 жылдык кызматташтыктын маанилүүлүгүн билдирип, стратегиялык өнөктөштүккө берилгендигин дагы бир жолу баса белгиледи.
Түркия Африка күнүн куттуктап, Африка Биримдиги менен 20 жылдык кызматташтыкты баса белгиледи
Түркия Африка менен жыйырма жылдан бери өсүп келе жаткан кызматташтыкты баса белгиледи. / Public domain

Африка күнүнө карата Түркия Африка Биримдиги менен бекем байланыштарын дагы бир жолу ырастап, жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан кызматташтыкты баса белгиледи.

Тышкы иштер министрлиги жекшемби күнү X платформасында жасаган билдирүүсүндө: «Быйыл өлкөбүздүн Африка Биримдигинде байкоочу статусун алганынын 20 жылдыгын белгилейбиз» деген сөздөр камтылды.

Министрлик Түркиянын Африка Биримдигинин стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенине басым жасап: «2026-жылы өткөрүлө турган IV Түркия-Африка өнөктөштүк саммитине даярдыктарды улантып жатабыз», деп билдирди.

Министрлик ошондой эле  бөлүшүүсүн «Африка күнү кут болсун!» деген билдирүү менен жыйынтыктады.

«Ишенимдүү жана чынчыл өнөктөш»

Жекшемби күнү кийинчерээк министрлик өзүнүн веб-барагында Африка өлкөлөрүн Африка күнү менен куттуктаган өзүнчө билдирүү жарыялап: «Африка күнү африкалык элдердин тынчтыкта, туруктуулукта жана гүлдөп-өнүгүүдө интеграцияланган континентти түзүү максатына жетүү жана эл аралык системадагы тиешелүү позициясына жетүү үчүн чечкиндүүлүгүн билдирет», деп айтылды. 

«Түркия Африка өлкөлөрүнүн бул максаттарга жетүү аракетинде ишенимдүү жана чынчыл өнөктөш болууну улантат»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Түркиянын Африка өлкөлөрү менен тыгыз кеңешип, «тең өнөктөштүк, өз ара ишеним жана ар тараптуу кызматташтыктын» негизинде Африка менен кызматташтыгын дагы да тереңдетүү чечкиндүүлүгү дагы бир жолу белгиленди.

Соңунда министрлик: «Түркия жана Африка гүлдөп-өсүү, тынчтык жана ырааттуулук өкүм сүргөн орток келечек үчүн биргелешип иштөөнү улантат»,-деп кошумчалады.

Африка күнү Африка биримдигинин түзүлгөндүгүнүн 62 жылдыгын белгилейт.

Иликте
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция
Түркия 2027-жылдын алгачкы айларында Ай аппаратын космоско учурат
Грецияда бир жуманын ичинде Батыш Нил вирусунун 45 жаңы учуру катталды
Ирандын тышкы иштер министри Франциянын адам укуктарына байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди
Иран: "Ормуз кысыгы биздин шарттар кабыл алынмайынча ачылбайт"
Орусиянын президенти Путин Курил аралдарына барды