ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп менен Путиндин жолугушуусу белгисиз бойдон ал эми Россия Украинада дагы эки айылды колго алды
Жарандык жоготуулардын көбөйүшү менен дипломатия ылдамдыгын жоготуп, Россия Украинада жаңы аймактык жеңиштерге жетишкенин жарыялады.
Трамп менен Путиндин жолугушуусу белгисиз бойдон  ал эми Россия Украинада дагы эки айылды колго алды
Орус жана украин күчтөрүнүн ортосунда оор ракеталык атышуулар уланууда. [Архивдик сүрөт] / AP

Россиянын Коргоо министрлиги шаршемби күнү түштүк-чыгыш Украинадагы эки айылдын орус күчтөрү тарабынан басып алынганын билдирди.

Министрликтин Telegram аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө, орус аскерлеринин Запорожье облусундагы Павловка жана коңшу Днепропетровск облусундагы Ивановка айылдарын көзөмөлгө алганы белгиленди.

Министрлик ошондой эле Россиянын жарандык объектилерине жасалган чабуулдарга жооп иретинде Украинанын энергетикалык объектилерине сокку урганын билдирди.

Россия менен Украина түн ичинде бири бирине карата күчтүү ракеталык чабуулдарды ишке ашырышты.

Украин бийликтери шаршемби күнү таңга маал Россиянын соккусунан Киев жана анын айланасында алты киши, анын ичинде эки жаш баланын каза болгонун жана өлкө боюнча электр жарыгынын өчүшүнө алып келгенин кабарлады.

Украин армиясы өзүнчө билдирүү жасап, Россиянын Брянск аймагындагы химиялык объектиге сокку уруу үчүн француз-британиялык Storm Shadow ракеталарын колдонгонун жана кол салуунун уланып жаткан коргонуу операцияларынын бир бөлүгү экенин белгиледи.

Путин менен Трамп өткөн аптада телефон аркылуу сүйлөшүп, Венгрияда саммит өткөрүүнү макулдашкан. Кремль саммиттин бир нече аптанын ичинде болушу мүмкүн экенин билдирди.

Дипломатиялык аракеттер токтогондуктан Ак үй АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда жакынкы арада жолугушуунун пландалбагандыгын билдирди.

Трамп: «Мен текке кеткен жолугушууну каалабайм», - деп айтса, Москва да ушундай эле мамилени көрсөткөнүн белгиледи.

Бирок орус бийликтери саммитке даярдыктар уланып жатканын билдирди. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге: "Даталар азырынча белгилене элек, бирок алдын ала кылдат даярдык көрүү керек жана бул бир аз убакытты талап кылат",- деди.

"Бул маселенин тегерегинде көптөгөн имиштер жана ушак-айыңдар бар. Алардын көбү таптакыр негизсиз. Азырынча эч кандай жаңылык жок", — деди Песков.

Жыйындын кечеңдешине Россиянын АКШга тынчтык келишиминин мурдагы шарттарын кайталоосу себеп болду. Бул шарттарга Украинанын түштүк-чыгышындагы Донбасс аймагын толугу менен Россияга өткөрүп берүү кирет.

Рейтер агенттиги менен сүйлөшкөн үч булак бул абалдын Трамптын өткөн аптада жасаган:"Эки тарап тең азыркы фронтто калышы керек" ,- деген билдирүүсүнөн баш тартуу деген мааниге келгенин белгиледи.

Россиянынсиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков РИА мамлекеттик маалымат агенттигине Москва бул маселеге карата мамилесин Вашингтонго билдирип же билдирбегенине байланыштуу маалымат бере албай турганын айтты.

"Саммитке даярдыктар жүрүп жатат. Мен эч кандай чоң тоскоолдуктарды көргөн жокмун", - деди Рябков.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди