ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Президент Эрдоган Түштүк Кореяга барат
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-4-ноябрь күндөрү Корея Республикасынын Президенти Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен Сеулга барат.
Президент Эрдоган Түштүк Кореяга барат
Президент Эрдоган Түштүк Кореяга барат

Коммуникация башкармалыгын башчысы Бурханеттин Дурандын билдирүүсүнө ылайык, президент Режеп Таййип Эрдоган 1-4-ноябрь күндөрү Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен Сеулга барат.

Сапардын жүрүшүндө шейшемби күнү, 3-ноябрда расмий сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк бардык аспектилерде талкууланат; ошондой эле учурдагы аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашылат.

Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин келишимдик базасын чыңдоо үчүн ар кандай документтерге кол коюлат.

Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода көлөмү өткөн жылы 11,4 миллиард долларга, ал эми быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында 8,7 миллиард долларга жеткен. Эки өлкө соода көлөмүн 15 миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатышат.

Түркиянын «Алыскы өлкөлөр стратегиясынын» алкагында Түштүк Корея менен соода жана туризмден инвестицияга жана коргонуу өнөр жайына чейинки тармактарда кызматташууну өнүктүрүү максат кылынат.

Иликте
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Дуран: «Алгоритмдерге багынып берүүнүн ордуна, биз аларга гумандуу, этикалык багыт беришибиз керек»
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forum 2026 форумунда сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Мекке коргонуу альянсына байланыштуу пикирин билдирди
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду
Министр Чифтчи: Италия менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгыбызды бекемдөөнү максаттоодобуз
Bayraktar TB2 FPV камикадзе дрондору бутага таамай тийди
Эрдоган: Биз кызматташтыгыбыздын динамикалуу жана келечекке багытталган кадамдарын талкууладык