САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Кытай Трамптын 50% кошумча тарифтер боюнча коркутуусуна "аягына чейин күрөшөбүз" деп жооп берди
Пекин Трамптын 50% кошумча салык коркутуусуна катуу жооп кайтарып: "Эгерде АКШ өз жолунда өжөрдөнүүсүн улантса, Кытай акырына чейин күрөшөт"-деп айтылды.
Кытай Трамптын 50% кошумча тарифтер боюнча коркутуусуна "аягына чейин күрөшөбүз" деп жооп берди
Trump upended the world economy last week with sweeping tariffs that have raised the spectre of an international recession. / AP
8 Апрель 2025

АКШнын президенти Дональд Трамптын Кытай товарларына жаңы 50 пайыздык бажы төлөмүн киргизем деп коркутуусу дүйнөлүк базарларда чоң олку-солкулуктарды жаратып, Кытай катуу жооп кайтарды. Пекин администрациясы бул кадамдарга «аягына чейин күрөш» менен жооп берерин жарыялады.

Шейшембиде билдирүү жасаган Кытайдын соода министрлигинин өкүлү: «Эгерде АКШ өз жолунда өзөржөндөнүүсүн улантса, Кытай акырына чейин күрөшөт. Трамптын коркутуусу АКШнын шантаждык мүнөзүн дагы бир жолу ачыкка чыгарды», - деди.

Министрлик эгер АКШ салыктарды күчөтсө, Кытай да өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн чечкиндүү чараларды көрөөрүн билдирди. Бирок Кытайдын дагы эле АКШ менен «диалогду» каалап жатканы жана «соода согушунда жеңүүчү жок» экени да баса белгиленди.

Өткөн жумада Трамптын кеңири тарифтери дүйнөлүк экономиканы солкулдатты, ал эми дүйнөлүк рыноктордо рецессия коркунучу күчөдү. Буга жооп кылып, Кытай бейшембиден тарта америкалык товарларга 34 пайыздык кошумча бажы салыгын киргизерин жарыялады.

Кытайдын тез өч алуу аракетинен кийин Трамп жаңы коркутуп-үркүтүүнү чыгарды. Эгерде Пекин баш тартпаса, кытай товарларына жалпы тарифтерди 104 пайызга чейин көтөрөөрүн айтты.

 Трамп Ак үйдөгү билдирүүсүндө: «Мен Кытайды абдан сыйлайм, бирок алар муну кыла алышпайт. Бизде мындай мүмкүнчүлүк бар... Бул ишти аткаруу сыймык», - деди.

ТийиштүүTRT Global - China slams US for unilateralism and economic bullying with tariffs

 Базарларда башаламандык

 Трамптын тарифтери дүйнөлүк биржаларда чоң төмөндөөлөрдү жаратты. Гонконгдун Ханг Сенг индекси дүйшөмбү күнү 13,2 пайызга төмөндөп, Азиядагы каржы кризисинен берки эң чоң күнүмдүк төмөндөө болду. Шейшемби күнү бир аз калыбына келтирүү байкалды. Уолл-стритте да туруксуз тенденция байкалып, Dow Jones жана S&P 500 күндү кызыл менен жапты. Акыркы күндөрү базарлардан триллиондогон долларлар жок кылынды.

Трамп дүйшөмбү күнү тарифтерди токтотууну пландабаганын кайталады. Ал Кытай менен пландалган сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарганын, бирок сүйлөшүүнү каалаган өлкө менен үстөлгө отурууга даяр экенин айтты.

Дүйшөмбү күнү Кытайдагы ири жоготуулардан кийин, Кытайдын Элдик банкы шейшемби күнү эртең менен мамлекеттик фонд базарларды турукташтырууга жардам берүү үчүн биржада сатылуучу каражаттарды сатып алууну уланта турганын жарыялады.

 АКШ Японияга артыкчылык берет

 Инвесторлор соода согушундагы чыңалуунун басаңдаарын үмүт кылып жатышканда, АКШнын Каржы министри Скотт Бессенттин Fox News телеканалына жасаган билдирүүсү базарларга кандайдыр бир ишенич берди. Бессент Япония тарифтер боюнча сүйлөшүүлөрдө «артыкчылык» режимине ээ болорун айтып, мунун Япониянын тез аракет кылганы себеп болгонун кошумчалады.

Ишембиден тарта АКШга дүйнөнүн булуң-бурчунан импорттолуучу товарларга алгачкы 10 пайыздык бажы тарифи күчүнө кирди. Шаршембиден тарта Кытай өнүмдөрүнө 34 пайыз, Евробиримдиктин өнүмдөрүнө 20 пайыз кошумча салык салынат.

Бессент ондогон өлкөлөр сүйлөшүүлөрдү талап кылганын айтып, «жакшы сүйлөшүүлөр менен тарифтердин төмөндөшүн камсыз кылабыз» деп кошумчалады.

Трамп, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон жолугушуусунда: «Туруктуу тарифтер болушу мүмкүн, бирок сүйлөшүүлөр да болушу мүмкүн. Анткени тарифтерден тышкары дагы муктаж болгон нерселерибиз бар»,-деди.

Ал арада Евробиримдиктин соода министрлери дүйшөмбү күнү Люксембургда жолугушуп, АКШнын бажы тарифтерине жооп берүү планын талкуулашты. Германия менен Франция АКШнын технологиялык гиганттарына салык салуу каралышы керектигин айтышты. Франциянын соода министри Лоран Сен-Мартен: «Биз товарлар жана кызматтар боюнча кандайдыр бир вариантты жокко чыгарбашыбыз керек. Европанын ар тараптуу жана өтө агрессивдүү куралдар кутусу бар, биз аны колдонушубуз керек»,-деди.

Иликте
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү
Трамптын сынынан кийин Рим Папасы согушка каршы сөздөрүн улантаарына убада берди
АКШнын санкцияларына кабылган кытайлык танкер Ормуз кысыгы блокадасын бузуп өттү
Иран беш Араб өлкөсүн айыптады: "АКШ жана Израиль менен кызматташтыңар, кун төлөгүлө!
Израиль Түштүк Ливанда узак мөөнөттүү аскердик оккупациялоону сунуштады
Кытай Иранга курал-жарак өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты
Иран Ормуз кысыгындагы чыңалуудан улам Перс булуңундагы порттор коопсуз болбой турганын айтты
Судандагы ачкачылык кризиси тереңдеп жатат
Канцлер Мерц Нетаньяхуну Батыш Шериа темасында эскертти
Исламабадда өзөктүк соодалашуу: Ирандан 5 жылга тоңдуруу сунушу, АКШ 20 жылга чейин талап кылууда
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады