Түрк аскердик жүк ташуучу учагы Грузия-Азербайжан чек арасына жакын жерде кулады
Борттогу адамдардын саны же ыктымалдуу жоготуулар жөнүндө эч кандай маалымат берилге жок.
Түрк бийликтери Азербайжан жана Грузия бийликтери менен координацияда издөө-куткаруу иштери башталганын жарыялашты.
Түркиянын Улуттук коргонуу министрлиги Азербайжандан Түркияга учкан түрк C-130 аскердик жүк ташуучу учагынын Грузия–Азербайжан чек арасына жакын жерде кулаганын билдирди.
Шейшемби күнү министрликтин билдирүүсүндө: «Азербайжандан өлкөбүзгө учуп келе жаткан C-130 аскердик жүк ташуучу учак Грузия–Азербайжан чек арасында кулады»,- деп айтылды.
«Издөө-куткаруу иштерине Азербайжан жана Грузиянын тиешелүү органдары менен координацияда киришилди», — деп белгиледи министрлик.
Учакта канча адамдын болгону же ыктымалдуу жоготуулар тууралуу азырынча маалымат берилле элек, кырсыктын себеби тууралуу териштирүү жүргүзүлүүдө.