ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
МАГАТЭнин башчысы Иранга барды
Иран тынчсыздандуруучу маселелерди чечүүгө даяр экендигин кайталады, бирок уранды байытуу укугун сактап калаарын ырастады.
МАГАТЭнин башчысы Иранга барды
During a two-day visit, Grossi is set to meet with Iranian Foreign Minister Abbas Erakchi and Mohammad Islami, the head of the Atomic Energy Organization. / Reuters

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Ирандын өзөктүк курал чыгаруудан алыс эместигин билдиргенден кийин жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен жолугушуу үчүн Тегеранга барды.

Рафаэль Мариано Гросси шаршемби күнү Франциянын Le Monde гезитине берген маегинде Ирандын көп сандагы бомба жасоого материалдары бар экенин, бирок азырынча өзөктүк курал өндүрө электигин айтты.

Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуу потенциалы тууралуу Гросси: “Бул пазл сыяктуу, аларда бөлүктөрү бар жана бир күнү баарын чогултуп алышы мүмкүн. Бул мүмкүнчүлүк бар. Бирок алар андан алыс эмес, муну моюнга алышыбыз керек. Акыркы төрт жылда Иран бул багытта олуттуу ылдамдыкка жетишти,” - деп билдирди.

Гросси Иран менен АКШнын өзөктүк ишмердүүлүгү боюнча сүйлөшүүлөрүндө МАГАТЭнин катышуусу зарыл экенин баса белгилеп: “Алар биздин пикирди угушу керек, анткени ыктымалдуу келишимди текшерүү биздин милдетибиз болот,” - деп кошумчалады.

Гроссини Тегеран аэропортунда Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун директорунун орун басары Бехруз Камалванди тосуп алды. Эки күндүк сапарынын алкагында Гросси Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи жана Атомдук энергия уюмунун башчысы Мохаммад Ислами менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү

2018-жылы өлкөсүн Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгарган АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн айда Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге кат жолдоп, өлкөлөр ортосунда түз өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырган. Иран бул катка Оман аркылуу жооп берди.

Кат алмашуудан кийин Иран менен АКШ ишемби күнү Оманда кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү “оң жана конструктивдүү” деп баалашты. Тараптар кезектеги жолугушуусун 19-апрелде Римде өткөрө тургандыктарын билдиришти.

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф шейшемби күнү Иран уранды байытууну токтотушу керектигин айтты. Буга чейин ал байытуу чеги тууралуу сөз кылган.

Аббас Арагчи Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча тынчсызданууларды чечүүгө даяр экенин, бирок уранды байытуу укугун талкуулабай турганын билдирди.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"