Папа Лео чет өлкөгө алгачкы сапарын Түркия жана Ливанга жасайт
Бул сапарлар Леонун папа болушунан бери Италиядан тышкаркы биринчи сапарынын бир бөлүгү болуп саналат.
Папа Лео чет өлкөгө алгачкы сапарын Түркия жана Ливанга жасайт / Reuters
Рим Папасы Лео XIV келерки айда баштала турган чет өлкөгө алгачкы сапарынын алкагында Түркияга келип андан кийин Ливанга барат. Бул тууралуу Ватикандын жаңылыктар кызматы билдирди.
Ватикандын расмий кабар порталында жарыяланган билдирүүдө: «Ыйык Тактынын басма сөз кызматынын директору Маттео Бруни, Рим папасы Леонун ушул жылдын ноябрь айынын аягында жана декабрь айынын башында Түркия жана Ливанга сапар жасай турганын жарыялады.
Бул сапарлар Папа Леонун Италиядан тышкаркы чет өлкөгө алгачкы иш сапары болуп саналат.
Лео 27-ноябрдан 30-ноябрга чейин Түркияда, андан кийин 2-декабрга чейин Ливанда болот.