ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
ЦРУ "Түндүк агым" куурун саботаж кылуу пландары жөнүндө кабардар экенин билдирди
Немис журналы Der Spiegel билдиргендей АКШнын чалгындоо кызматы куур тууралуу пландардан эрте эле маалыматы болгон бирок кийинчерээк позициясын өзгөртүп, Украинаны бул ишти улантпоо боюнча эскерткен.
ЦРУ "Түндүк агым" куурун саботаж кылуу пландары жөнүндө кабардар экенин билдирди
АКШ чалгындоосу диверсиялык пландын техникалык деталдарын украиналыктар менен алгач талкуулап, андан кийин ага каршы чыккан, деп маалымат каражаттары билдирет. (Архив) / Reuters

Немис маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, АКШнын чалгындоо кызматы Украинанын "Түндүк агым" куурларын саботаж кылуу пландары тууралуу мурунтадан эле маалыматы болгон.

«Der Spiegel» журналы бейшемби күнү жарыялаган макалада Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) өкүлдөрү 2022-жылдын жаз айларында украиналык агенттер менен жолугушуп, орус жаратылыш газын Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга газ ташыган куурларды жок кылуу пландары талкууланы белгиленди.

Украиналык булактар аталган журналга билдиргендей, америкалык расмий өкүлдөр алгач бул идеяга оң жооп берип, операциянын техникалык аспектилерин талкуулашкан.

Бирок кийинчерээк АКШнын чалгындоосу позициясын өзгөртүп, бул планды ишке ашырбоо боюнча эскерткен.

ЦРУнун өкүлү айыптоолорду четке кагып, "Der Spiegel" журналына булардын "толугу менен жалган" экенин айтты. Бирок журнал бир нече ишенимдүү булактарга таянуу менен өз маалыматынын чындыгын коргоду.

2022-жылдын сентябрь айында «Түндүк агым» куурларында болгон диверсия Балтика деңизинин астында Россия менен Германияны байланыштырган инфраструктурага чоң зыян келтирген. Украина өкмөтү бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин бир нече жолу билдирген.

Айрым маалыматтарда бул операцияны ошол кездеги армиянын командири Валерий Залужный президент Владимир Зеленскийге кабар бербестен өзү бекиткендиги айтылды.

Жашыруун операциялар жана саботаж

Немис жетекчилер газ куурларына диверсия жасоо менен шектелгендердин бири Сергей Кузнецов экенин аныкташты. Италияда кармалган Кузнецов ноябрь айынын аягында сот алдында жооп берүү үчүн Германияга өткөрүп берилди.

Немис маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, ал Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) мурдагы агенти болгон. Ошондой эле жашыруун операциялар жана саботаж (диверсия) боюнча адистешкен бөлүмдө кызмат кылганы айтылууда.

Жетекечилер Кузнецовдун ким экенин операциянын базасы катары колдонулган «Andromeda» аттуу яхтаны ижарага алуу боюнча иликтөөнүн натыйжасында аныкташкан. Маалыматка ылайык, тергөөчү топтун Германияга барып, жасалма өздүк документтерди колдонуу менен кемени ижарага алганын белгиледи.

Кузнецовдун суучулдардан, жардамчылардан, капитан жана медициналык кызматкерден турган жети кишилик топтун мүчөсү болгону болжолдонууда.

Жетекчилер Кузнецовдун жардыруучу заттарды түздөн-түз орноткон аткаруучу эмес, операцияны башкарган координатор катары иш алып баргандыгынан шектенүүдө.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"