ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Россия - Украина ок атышпоо чечиминин Путинге бйланыштуу экенин айтты
АКШнын президенти орус лидеринин Зеленский менен жолугушуп же жолугушпаганына карабастан Путин менен жолугушууга даяр экендигин айтты.
Трамп Россия  -  Украина ок атышпоо чечиминин Путинге бйланыштуу экенин айтты
Аналитиктердин айтымында, Трамп мен Путиндин кайрадан жолугушуусу лидерлердин мурунку мамилесин мүнөздөгөн жеке дипломатиянын кайтып келишин билдириши мүмкүн. / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп Россия-Украина согушун токтотуу чечими толугу менен Владимир Путиндин колунда экенин дагы бир жолу белгиледи.

Трамп бейшемби күнү Ак үйдө журналисттерге берген билдирүүсүндө Путин үчүн белгилеген ок атышпоо процессинин азыр да күчүндөбү деген суроого : “ Эмне айтарын көрөбүз. Бул толугу менен ага байланыштуу. Көңүл калтыруучу”,- деди.

Зеленский менен Путиндин жолугушуусу Трамптын Путин менен сүйлөшүүсү үчүн зарылбы деген суроого президент: «Жок», — деп жооп берди Трамп.

Трамп: «Алар мени менен жолугушууну каалап жатышат жана мен өлтүрүүлөрдү токтотуу үчүн колумдан келгендин баарын аткарам», — деди.

Ошол эле күнү Путин Трамп менен жолугуша турган жер катары Бириккен Араб Эмираттарын сунуштап, бул жерди “абдан ылайыктуу жер” деп мүнөздөдү.

Москва жана Вашингтондун эки тараптын тең сүйлөшүүлөргө кызыкдар экенин билдирди. "Бизге мындай иш-чараларды уюштурууга жардам берүүгө даяр көптөгөн досторубуз бар. Досторубуздун бири Бириккен Араб Эмираттарынын президенти", - деди Путин Кремлден жасаган билдирүүсүндө.

Путин Зеленскийдин да катышуу ыктымалы болгон үч тараптуу саммит тууралуу сөз кылып, “принципте” каршы эместигин, бирок мындай жолугушуунун болушу үчүн “зарыл шарттардын түзүлүшү керек” экенин баса белгиледи.

Россиянын президентинин кеңешчиси Юрий Ушаков Трамптын атайын элчиси Стив Виткоффтун Москвадагы сүйлөшүүлөрүндө үч тараптуу жолугушуу мүмкүнчүлүгүн көтөргөнүн билдирди. Бирок Кремль бул вариантты талкуулабаганын жана Трамп менен Путиндин эки тараптуу саммитин ийгиликтүү уюштурууга багытталганын билдирди.

Жакын байланыш жылдары

Трамптын биринчи мөөнөтүндө Трамп менен Путин кеминде беш жолу бетме-бет жолугушуп, тогуз жолу телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Өзгөчө бир нече жолу кат алышкан.

Бул сүйлөшүүлөр Сириядан Украинага чейин жана курал-жаракты көзөмөлдөөгө чейинки кеңири чөйрөдөгү глобалдык маселелерди камтыды. Трамп азыр жардамчыларына Путин менен жаңы телефон сүйлөшүүсүн уюштурууну тапшырды, бул Украинадагы согушту токтотуу боюнча саммитке негиз түзүшү мүмкүн.

Кремль күтүлгөн чакыруу тууралуу кабарларды четке кагып жатса да Трамп даярдыктардын жүрүп жатканын айтууда. Аналитиктер Трамп менен Путиндин кайрадан жолугушуусу лидерлердин мурдагы мамилелеринин көбүн аныктаган жеке дипломатиянын кайтып келишине алып келиши мүмкүн деп эсептешет.

Иликте
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"