ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Нигерияда селден улам каза болгондордун саны 151ге жетти
Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө Нигер дарыясынын жээгинен сөөктөр табылууда.
Нигерияда селден улам каза болгондордун саны 151ге жетти
/ AFP

Аптанын башында Нигериянын борбордук бөлүгүндө болгон сел 150дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Жергиликтүү табигый кырсыктарды башкаруу кызматкерлери 3000 адамдын жер которгондугун, 250дөн ашуун үйдүн кыйрап, эки көпүрөнү сел алганын билдирди.

Нигердин өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Ибрахим Ауду Хусейни ишемби күнү Моква шаарынан 10 чакырым алыстыкта ​​табылган сөөктөр менен мурда 115 деп айтылган каза болгондордун саны 151ге жеткенин билдирди. Селдин очогу катары көрсөтүлгөн Моква апааттан эң көп жабыркаган аймактардын бири болду.

Каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен Хусейни сөөктөрдү катуу агымдардын алып кетип жатканын белгиледи. Нигериянын президенти Бола Тинубу да суу каптаган аймактагы издөө-куткаруу иштеринин коопсуздук күчтөрүнүн колдоосу менен улантылып жаткандыгын жарыялады.

Тинубу социалдык медиадагы билдирүүсүндө Моквага жардам материалдары менен убактылуу баш калкалоочу жер жардамдарынын кечиктирилбестен жөнөтүлгөнүн айтты.

Шаршемби күнү кечинде башталган жана бейшемби күнү таңга чейин уланган нөшөрлөгөн жамгыр борбор Абуджадан 350 километр түндүктө жайгашкан шаарда имараттардын урашына жана жолдордун суу капташына себеп болду.

Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар сел суусу каптаган урандылардын арасынан издөө иштерин жүргүзүштү. Хусейни: "Айрым сөөктөр талкаланган үйлөрдүн урандыларынын астынан табылды", - деп, куткаруучулардын сөөктөргө жетүү үчүн оор техникага муктаж экендигин билдирди. Дайынсыз болуп жаткандардын көп экендигин белгилеген Хусейни, 12 кишиден турган үй-бүлөдөн болгону 4 адамдын табылганын кошумчалады.

29 жаштагы жергиликтүү мамлекеттик кызматкер Мухаммед Танко журналисттерге өзү чоңойгон үйдү көрсөтүп: "Биз бул үйдөн кеминде 15 кишини жоготтук. Мал - мүлк баары жок болду”,- деди.

Улуттук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы (NEMA) издөө - куткаруу иштерине Нигериянын Кызыл Крест уюму, жергиликтүү ыктыярчылар, аскерлер жана полиция кызматкерлеринин жардам көрсөтүп жатканын билдирди.

Хуссейнинин берген маалыматтарына ылайык, 151 адам каза болуп, 3018 адам үй-жайсыз калган, 265 үй толугу менен кыйрап, эки көпүрө сел сууларына кабылган.

Климаттын өзгөрүшү

Нигерияда жаан-чачындуу мезгил адатта алты айга созулат жана быйылкы сезон жаңы гана башталды. Катуу жаан-чачын жана начар инфраструктурадан улам сел апаатынан жүздөгөн киши каза болууда.

Окумуштуулар климаттык кризис экстремалдык аба ырайынын коркунучун күчөтүп жатканын эскертишүүдө. Өлкөдөгү суу ташкындарына дренаждык системалардын жетишсиздиги, суу жолдоруна курулган курулуштар жана суу каналдарына таштанды таштоо сыяктуу факторлор да себеп болууда.

NEMA билдирүүсүндө: "Бул кайгылуу окуя суу жолдорунун үстүнө курулган курулуштардын коркунучун жана дренаждык каналдар менен дарыя жолдорун ачык кармоонун канчалык маанилүү экендигин дагы бир жолу көрсөттү", - деп билдирди.

Daily Trust гезитинин маалыматына ылайык, миңдеген адам үй-жайсыз калып, бир мектепте 50дөн ашуун бала дайынсыз жоголгон.

Эскертүүлөр берилди

Нигериянын метеорологиялык агенттиги шаршемби менен жума күндөрү Нигериянын 36 штатынын ичинен 15 шатында сел болушу мүмкүн экенин эскерткен.

2024-жылы Нигерия боюнча кеминде 1200 адам каза болуп, 1,2 миллион адам жер которгон. NEMAнын маалыматы боюнча, бул көрсөткүчтөр акыркы он жылдагы эң кыйратуучу сел мезгилдеринин бири катары катталды.

Жума күнү үйлөрүнөн ажыраган балдардын сел сууларында ойношу суу аркылуу жугуучу ооруларга чалдыгуу коркунучун күчөттү. Бул учурда банан жалбырактары жана кездеме менен жабылган кеминде эки сөөк суу жээгинен табылды.

"50 жаштагы таро сатуучу Сабувар Бала катуу селден кантип аман калганын айтып жатып: "Менин ич кийимим гана бар болчу. Азыр кийип жүргөн нерселеримдин баарын бирөө берди. Жада калса тапочкамды да сактап кала алган жокмун", - деди."

Бала : “Үйүм турган жерди таба албай жатамын. Бардык жер талкаланган”,- деп кошумчалады.

Иликте
Министр Фидан: "Биринчи өзгөчөлүгүбүз  жүргүзгөн саясатыбызда туруктуу болуу"
Трамп Германиядагы АКШ аскерлерин кыскартууну карап жатат
АКШ  өнөктөштөрүн Ормуз кысыгын ачуу үчүн жаңы коалиция түзүүгө чакырууда
Трамп: АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр телефон аркылуу жүргүзүлөт
Ирандын аскердик кеңешчиси: "АКШнын эмбаргосу ишке ашпайт"; Тегеран кагылышууну тандашы мүмкүн
Түркия менен Испания Израилдин флотилияга кийлигишүүсүнө каршылык көрсөтүүгө чакырышты
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет