Бешинчи жылына жакындап калган Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту токтотуу боюнча Орусия, АКШ жана Украинанын ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбору Абу-Дабиде башталды.
Орусиянын ТАСС маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, кечээ башталган Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында бүгүн Орусия, АКШ жана Украина делегациялары кайрадан жолугушту.
Орус делегациясын Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Владимир Мединский, ал эми Украина делегациясын Украинанын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Рустем Умеров жетектейт.
АКШнын президенти Дональд Трамптын өкүлдөрү Стив Виткофф жана Жаред Кушнер да орун алган сүйлөшүүлөрдүн аягында делегациялардын маалымат жыйыны өтөт деп күтүлүүдө.
Украинанын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Рустем Умеров дагы социалдык медиада Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү башталганын жарыялап, «Алгач АКШ жана Орусия менен үч тараптуу жолугушуу өткөрөбүз. Андан кийин европалык өнөктөштөрүбүз менен өзүнчө жолугушуу өткөрөбүз» деп билдирди.
Үч тараптуу сүйлөшүүлөр
Болжол менен төрт саатка созулган сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө Украина кризиси чечилгенден кийин аймактык коопсуздук системасын түзүүгө байланыштуу маселелер каралды.
Украина президенти Владимир Зеленский кечээ туткундарды 1000ге 1000ди же 1500гө 1500дү алмашуу талкууланганын жарыялады.
Украина европалык өкүлдөр да сүйлөшүү процессине катышуусу керек деп эсептейт, ал эми Орусия бул идеяга каршы.






















