ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Алтун: "АКШдагы Түркия күнү парады Түркиянын мурасын, маданиятын жана жалпы көз карашын чагылдырат"
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын АКШ менен өнөктөштүгүнө жана аймактык ырааттуулукка басым жасап, диаспоранын аракетин мактап, глобалдык адилеттикке чакырды.
Алтун: "АКШдагы Түркия күнү парады Түркиянын мурасын, маданиятын жана жалпы көз карашын чагылдырат"
Алтун: «Биз гуманитардык трагедиялар кайда болбосун унчукпай тура албай турган элбиз». / TRT World
18 Май 2025

Түркия Республикасынын Президенттик аппаратынын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Нью-Йоркто өткөрүлгөн 42-Түрк күнүнө арналган парадда видео кайрылуусу менен түрк-америкалык коомчулукка кайрылып, иш чаранын Түркия жана түрк диаспорасы үчүн символикалык маанисине басым жасады.

Жөө жүрүш жана аны коштогон иш-чаралар Коммуникация башкармалыгынын координациясында уюштурулуп, бир гана Түрк-Америка коомчулугунун эмес, Түндүк Кипр Түрк Республикасынан (ТКТР), Азербайжандан жана түрк дүйнөсүнөн да өкүлдөрдүн кеңири катышуусу менен ишке ашты.

Алтун бул иш-чараны биримдиктин, ынтымактын жана достуктун маанилүү символу катары мүнөздөдү.

«Бул иш-чара жөн гана жөө жүрүш эмес, Түркиянын тарыхый мурасын, маданий байлыгын жана күчтүү көз карашын дүйнө менен бөлүшүү үчүн»,-деди ал.

Түркия-АКШ стратегиялык мамилелери

Диаспоранын ролун мактаган Алтун, ар бир катышуучунун Түркиянын принциптерин жана өздүгүн чет өлкөлөрдө өкүлдүк кылган «жаран дипломат» экенин баса белгиледи.

«Ай-жылдыздуу желегибиздин асманга желбиреген көз ирмемдери сиздердин катышууңуздар жана аракетиңиздер менен ого бетер маңыздуу болуп баратат», - деди ал. 

Алтун: «Жарандык коом, илим, ишкердик, спорт, маданият жана искусство дүйнөсүндөгү жетишкендиктериңиз менен сиз жеке жашооңузду гана эмес, улутубуздун күчтүү өкүлчүлүгүн да аркалап жатасыз»,-деп айтты.

Алтун Түркия менен АКШнын ортосундагы көп жылдардан бери келе жаткан стратегиялык өнөктөштүккө көңүлдөрдү буруп, бул карым – катнаштын НАТО союздаштыгына жана көптөгөн секторлордогу кызматташтыкка таянганын белгиледи.

«Бул өнөктөштүк коргонуу тармагында гана эмес, аймактык туруктуулукту камсыз кылууда жана глобалдык тынчтыкты курууда да маанилүү ролду ойнойт», - деди ал.

Мезгил-мезгили менен ар кандай көз караштардын чыгышы мүмкүн экенин кабыл алган Алтун Түркиянын эки тараптуу карым – катнаштарды өз ара урматтоо, конструктивдүү диалог жана орток кызыкчылыктарга таянуу менен өнүктүрүүгө чечкиндүү экенин белгиледи.

Алтун ошондой эле соода, инвестиция жана инновация тармагындагы карым-катнаштардын кеңейгенине токтолуп, эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү жана маданий дипломатия аракеттеринин күчөгөнүн баса белгиледи.

Ал кошумчалагандай, бул өнөктөштүк достуктун бекем көпүрөлөрүн курууга жана коомдук байланыштарды чыңдоого кызмат кылат.

Принциптүү тышкы саясат жана дүйнөлүк адилеттик

 Кеңири эл аралык маселелерге да токтолгон Алтун, адилеттүүлүк жана калыстыкка таянган глобалдык пайдубалдын түзүлүшүнүн зарылдыгына басым жасады.

Алтун:«Биз глобалдык тең салмактуулукту солкулдаткан көптөгөн маселелер ачык жана адилеттүү чечилиши керек болгон мезгилден өтүп жатабыз», - деди.

Ал эл аралык системанын алсыздыгынын белгиси катары Украинадагы согуштарды, Пакистан менен Индиянын ортосундагы чыңалуунун күчөшүн жана Израилдин Газадагы чабуулун атады.

«Биз адамзаттык трагедиялар кайсы жерде болбосун унчукпай тура албай турган элбиз»,-деп айткан Алтун: «Адилеттик менен эзилгендердин тарабында тең салмактуулукту түзүүчү күч катары бул позициябызды улантабыз»,-деди.

Ал Сириядагы жарандык согуштун бүтүшү жана эркин Сирияны өкүлдүк кылган өткөөл башкаруунун түзүлүшү аймактык жана глобалдык тынчтык үчүн жылуу кабыл алынаарын белгиледи.

Түркиянын Сириянын жеринин бүтүндүгүн, коопсуздугун жана ырааттуулугун тынымсыз колдоорун айтты.

Кош стандарттар жана экстремизм менен күрөшүү

Алтун Түркиянын эл аралык аренада, өзгөчө террор менен күрөшүүдө туш болгон кош стандарттарга көңүлдөрдү бурду.

«Өлкөбүздү жана жакынкы географиябызды бутага алган террордук уюмдардын жылдар бою карманууга аракет кылган жери биздин аймак үчүн эле эмес, глобалдык коопсуздукка да олуттуу коркунуч жаратууда»,-деди ал.

Бул чындык тынчтык, адилеттүүлүк жана туруктуулукка принципиалдуу жана ырааттуу позициядан гана жетишүүгө болорун дагы бир жолу кайталап жатканын айтты.

Ал ошондой эле саясий жана медиа дискурстар аркылуу исламофобия, ксенофобия жана жек көрүүчүлүктү мыйзамдаштырууну эскертти.

Анын айтымында, дезинформация эң актуалдуу глобалдык коркунучтардын бири бойдон калууда.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун сөзүн: «Бул башаламан атмосферада түрк-америкалык коомчулуктун биримдиги жана ынтымагы абдан баалуу»,-деп жыйынтыктады.

ТийиштүүTRT Global - Altun says PKK disbandment shows Türkiye’s terror-free vision is gaining ground

Иликте
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду
Азияда болгон жаан-чачындан кийин жардам жана куткаруу иштери улантылууда
Сурамжылоого караганда, европалыктардын дээрлик жарымы Трампты "Европа үчүн коркунуч" катары көрүшөт
Нетаньяху  аскердик катчысы Роман Гоффманды Моссаддын директорлугуна дайындады
Азербайжан: Британия менен коргонуу тармагындагы мамилелерде "жаңы барак ачылды"
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмостук экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетти
Орусия Евробиримдиктин активдерди тартып алуусу "согушка алып келерин" эскертти
Кытай Израилдин кол салууларына көңүл буруп, Газадагы ок атышпоону толук аткарууга чакырды
Путин Индияда: коргонуу, энергетика жана стратегиялык байланыштар алдыңкы планга чыкты