Имран Хандын ишинде эмне болуп жатат?
Пакистандын мурдагы премьер-министринин партиясы анын "мамлекеттик белектер" боюнча иште күрөөгө бошотулгандыгын билдирди.
Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан мамлекеттик белектер боюнча иште Исламабаддын Жогорку соту тарабынан күрөөгө бошотулганын партиясынын өкүлдөрү шаршемби күнү билдиришти. Бирок ага коюлган башка айыптоолордон улам анын түрмөдөн чыгышы күмөн бойдон калууда.
Хандын адвокаты Салман Сафар журналисттерге Хандын күрөөгө бошотулгандыгын же коюлган айыптардын көпчүлүгүнөн акталганын билдирди.
«Эгер расмий документ бүгүн келсе, үй-бүлөсү жана колдоочулары анын бошотулушу үчүн дароо аракетке өтүшөт”, -деди.
Иштин маңызы 2018-жылдан 2022-жылга чейин премьер-министрлик мезгилинде Хан жана жубайы Бүшра Бибинин 500 миң доллардан ашык суммадагы мамлекеттик белектерди мыйзамсыз алуу жана сатуу боюнча айыптоолорго байланыштуу. Белектердин арасында кымбат баалуу алмаз зер буюмдары жана Rolex сааттары бар, алардын бир үлгүсү 305 миң долларга бааланган.
Бул жылдын башында Хан жана жубайы бул айыптоолор боюнча 14 жылдык аба жазасын алды, бул 2023 - жылдын аягында Ханга башка иш боюнча чыгарылган 3 жылдык мөөнөткө кошумча болду. Бирок алардын өкүмдөрү Жогорку соттогу апелляция баскычында токтотулуп, мурдагы премьер-министрдин жубайы бошотулган.
Имран Хан 2023 - жылдын август айынан бери камакта. Мамлекеттик мүлк боюнча сот ишинде ага күрөө берилгенине карабастан, анын бошотулушу жөнүндөгү акыркы чечим "мамлекетке каршы зомбулукка шыкактоо" сыяктуу башка айыптоолор менен кыйындатылган. Пакистандын маалымат министри Аттаулах Тарардын айтымында, 2022 - жылдын май айында камакка алынгандан кийин анын жактоочулары уюштурган "баш аламандыктарга" байланыштуу иштерде Ханга күрөө берилген эмес.
Имран Хан өзү бардык айыптоолорду четке кагып, аларды саясий жүйөө деп эсептейт. Анын айтымында, бийлик аны 2022 - жылы премьер-министрлик кызматынан кетиргенден кийин түрмөдө калтырып, саясий иштерге жолотпоону көздөп жатат.