ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эл аралык жаш ишкерлер конгресси Стамбулда өттү
Жаш MÜSİAD тарабынан эки жылда бир жолу уюштурулган Эл аралык жаш ишкерлер конгресси (UGİK'26) "Келечек: Бүгүн" деген тема менен башталды.
Эл аралык жаш ишкерлер конгресси Стамбулда өттү
Эл аралык жаш ишкерлер конгресси. / AA

Президенттиктин инвестиция жана финансы кеңсесинин башчысы Бурак Даглыоглу мамлекет бардык ресурстары жана саясаты менен ишкерлердин жанында экенин билдирип, "Өткөн жылы эле 2025-жылы бул өлкөдө жаңы технологиялык демилгелерге дээрлик 700 миллион долларлык инвестиция салынды" деди.

Жаш MÜSİAD б.а Көз карандысыз өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясы тарабынан эки жылда бир жолу уюштурулган Эл аралык жаш ишкерлер конгресси (UGİK'26) "Келечек: Бүгүн" деген тема менен башталды.

Президенттиктин инвестиция жана финансы кеңсесинин башчысы Даглыоглу, Көз карандысыз өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясынын (MÜSİAD) башкы жетекчиси Бурхан Өздемир, Жаш MÜSİAD төрагасы Магсум Уста жана Эл аралык жаш ишкерлер конгрессинин UGİK аткаруучу кеңешинин төрагасы Өмер Фарук Челик ачылыш сөздөрүн сүйлөдү.

Даглыоглу белгисиздик чөйрөсүндө бизнес жүргүзүү, жол табуу жана алдыга жылуу ар кимдин эле колунан келе бербестигин айтып: "Бизге бул жерде лидерликти көрсөтө турган инсандар керек. Белгисиздикте жолду басып өтүүгө кимдин кайраты жетет? Эң негизгиси ишкерлер. Ишкердик дегенде, аны ишкер катары гана түшүнбөө керек. Менин оюмча биздин президент саясатта жана дипломатияда ишкердин эң чоң үлгүсү" деди.

-"2025-жылы эле бул өлкөдө алгачкы технологиялык демилгелерге дээрлик 700 миллион долларлык инвестиция салынды".

Бурак Даглыоглу ишкерлердин коомчулукта анча кеңири таралбагандыгын, ошондуктан жакшы ишкер эң баалуу активдердин бири экенин билдирди.

Даглыоглу мамлекет бардык ресурстары жана саясаты менен бул ишкердик сапарында ишкерлерди колдоп жатканын белгилеп, "Азыр залда эл аралык коноктор да бар". Өткөн жылы эле бул өлкөдө алгачкы технологиялык демилгелерге дээрлик 700 миллион долларлык инвестиция салынды", - деди.

MÜSİAD башчысы Өздемир да жеткирүү чынжырлары бузулуп, күч балансы өзгөрүп жатканын айтты.

Өздемир жаш ишкерлердин милдети компанияларды түзүү гана эмес, жаңы коомдук моделдерди жана жаңы коомдук түшүнүктү жаратуу экенин баса белгиледи.

Мурда кайраттуулук тобокелчиликке барууну билдиргенин айткан Өздемир: "Бүгүнкү күндө болсо кайраттуулук адилеттүү система үчүн учурдагы системада талапкы катуу коюу дегенди билдирет", - деди.

-"Ишкердик дүйнөсүндө чыныгы өзгөрүүлөрдү жасагандар эң мыкты угуучулар"

Жаш MÜSİAD башчысы Уста болсо бизнес дүйнөсүндө чыныгы өзгөрүүлөрдү жасагандар эң мыкты угуучулар экенин билдирди.

Магсум Уста: "Натыйжалуу угуучу кардардын айтпаганын түшүнөт. Өнөктөшүнүн тартынчаактыгын байкашат. Алар командасы унчукпай турган жерде чыныгы көйгөйдү көрүшөт. Угуу тартиби -  лидерлик булчуңу болуп эсептелет. Булчуңдар колдонулбаса алсырайт. Колдонулган сайын күчтөнөт", - деп сереп салды.

Жаңы муундун укмуштуудай таланттуу экенин айткан Уста алардын тез үйрөнөрүн, эр жүрөк экенин жана өзүнө болгон ишеними жогору экенин, бирок бул тармакта эң көп кездешкен кемчилик - чыдамсыздык экенин билдирди.

Иликте
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди
Гутерриш пакистандык лидерлер менен жолугушту:  Кашмир, аймактык тынчтык жана суу маселеси каралды
Пакистан армиясы Сауд Арабиясына аскерлерин жайгаштырганын ырастады
Газадагы геноциддин үчүнчү жылы: Израиль маанилүү инфраструктураны кантип талкалады?
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты