ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
Биринчи каттам 11-ноябрда пландалууда.
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
(АРХИВ) THY Кытайдагы каттам тармагына Чэндуну кошууда

Түрк аба жолдору (THY) 11-ноябрда Кытайдын ири экономикалык, технологиялык жана туризм борборлорунун бири болгон Чэндуга үзгүлтүксүз каттамдарын баштайт.

Түрк аба жолдорунун коммункация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Чэнду компаниянын Кытайдагы Пекин, Шанхай жана Гуанчжоу шаарларынан кийинки төртүнчү шаары болот.

Сычуань провинциясынын борбору жана 21 миллиондон ашык калкы бар Кытайдын алдыңкы шаарларынын бири болгон Чэнду электроника, автомобиль, авиация, биотехнология жана жасалма интеллект тармактарында иштеген көптөгөн эл аралык компанияларга ээлик кылат.

ЮНЕСКО тарабынан "Гастрономия шаары" деп аталган бул шаар жыл сайын миллиондогон конокторду Сычуань ашканасы менен гана эмес,  чоң пандалардын табигый жашоо чөйрөсү болгон Чэнду Гигант Пандаларын Өстүрүү жана Изилдөө Борбору менен да өзүнө тартат.

Учуулар Boeing 787-9 Dreamliner учагы менен аткарылат

Стамбул-Чэнду каттамы боюнча каттамдар жумасына үч жолу: шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү, ал эми Чэндудан Стамбулга каттамдар дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

 Чэнду Тяньфу эл аралык аэропортуна учуу үчүн 300 орундуу (30 бизнес-класс жана 270 эконом-класс) Boeing 787-9 Dreamliner учагы колдонулат.

Биринчи каттам 11-ноябрда ишке ашырылат

"TK226" деп белгиленген каттам Стамбул аэропортунан саат 02:05те учуп чыгып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:40та Чэндуга конот. "TK227" деп белгиленген биринчи кайра учуу 12-ноябрда саат 00:45те Чэндудан учуп, Стамбул аэропортуна саат 05:55те конот.

Атайын ачылыш кампаниясынын алкагында Стамбул-Чэнду жана Чэнду-Стамбул каттамдары боюнча эки тарапка эконом-класс билеттери 540 доллар, ал эми бизнес-класс билеттери 1991 доллардан башталат.

Иликте
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти
Даниянын чалгын кызматтары орус саботаж ыктымалдуулугуна каршы эскертти
Орусия Москвага багыт алган 37 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады
АКШнын армиясы Тынч океандын чыгышында бир кемени чөктүрдү
Трамп Иран менен согушту токтотууну карап жатат
Израилдиктер Батыш Шерияда айылга кол салды: 2 палестиналык  каза болду
АКШнын Миннеаполис шаарындагы куралдуу кол салуудан эки адам каза болду
Орусия: "Украинанын аскердик логистикалык борборлоруна жана кемелерине сокку урдук"
Трамп Иранга карата чабуулдардын Израиль менен Жакынкы Чыгышка жардам берүү үчүн жасалганын жактады
Испания Израиль менен Россиянын мигранттардын агымын күчөткөнүн билдирди
Иран менен байланышы бар хакерлер АКШдагы маанилүү инфраструктураларга кол салууга аракет кылышкан