ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Непалда автобус дарыяга кулап 17 адам каза болду
Куткаруучу топтор, каза тапкандардын ким экенин аныктоого аракет кылып жатышат, ал эми жаракат алган жүргүнчүлөр жакынкы ооруканаларга жеткирилүүдө.
Непалда автобус дарыяга кулап 17 адам каза болду
Непалда автобус кырсыгынан 17 адам каза болуп, 24 адам жаракат алды. / AP

Покхарадан Непалдын борбору Катмандуга бара жаткан жүргүнчү ташуучу автобус Дхадинг районундагы Тишули дарыясына кулап, кеминде 17 адам каза болду, 24 адам болсо жаракат алды.

Непалдын Куралдуу полиция күчтөрүнүн маалыматына караганда, кырсык жекшемби күнү саат 19:45те (GMT) болду.

Полиция күчтөрүнүн өкүлү Бишну Прасад Бхатта бардык коопсуздук күчтөрүнүн көптөгөн кызматкерлери куткаруу иштерин улантып жатканын билдирди.

Куткаруу топтору каза болгондордун ким экенин аныктоого аракет кылып жатышат, ал эми жаракат алган жүргүнчүлөр жакын жердеги ооруканаларга жеткирилүүдө.

Кырсыктын себеби азырынча аныктала элек.

Тоолуу өлкө болгон Непалда инфраструктуранын жетишсиздигинен, эскирген унаалардан жана татаал жер кыртышынан улам жол кырсыктары көп катталат.

Иликте
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
Сауд Арабиясы хуситтердин Риядга атылган баллистикалык ракетасы жок кылынганын жарыялады