САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Иванов: Орусия Украина менен Стамбул сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого даяр
Орусиянын Түркиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Украина мурдагы тынчтык демилгелерине жооп бере электигин билдирди.
Иванов: Орусия Украина менен Стамбул сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого даяр
Иванов: Орусия Украина менен Стамбул сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого даяр / Reuters
12 Ноябрь 2025

Орусиянын Түркиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алексей Иванов шаршемби күнү Орусия Украина менен Стамбулда сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин, бирок Киев мурунку сунуштарга жооп бере электигин айтты.

"Орусия тарап түз сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу баса белгиледи. Түрк өнөктөштөрүбүз да Стамбул платформасы биз үчүн жеткиликтүү экенин дайыма баса белгилеп келишет — бул эшиктер ачык бойдон калууда", - деди Иванов Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттигине.

Иванов: “Москва мурда үч онлайн жумушчу топ түзүү сыяктуу бир нече демилгелерди сунуштаган, бирок "тилекке каршы биз азырынча Украина тараптан оң жооп ала элекпиз" деди.

Иванов эгер Киев саясий эрк көрсөтсө, Москва диалогго ачык бойдон кала берерин кошумчалады.

Ал арада Киевдин Орусия менен түз сүйлөшүүлөрдөгү делегациясын жетектеген Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров шейшемби күнү Стамбулга келди.

Умеров Телеграм каналында бул сапары туткундарды алмашуу процесин кайра жандандырууга багытталганын билдирди. «Бул күндөрү мен Түркияда жана Жакынкы Чыгышта алмашуу процессиндеги тоскоолдуктарды жоюу үчүн аракет кылам. Келишим бар эле жана аны ишке ашырышыбыз керек», — деди.

Орусия менен Украина быйыл Стамбулда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үч айлампасын өткөрүп, туткундар менен жарандарды алмашуу боюнча макулдашкан. Алар ошондой эле 2022-жылдын февралында башталган согушту токтотууга багытталган өз миссияларын камтыган меморандумдарды бөлүшкөн.

Москва саясий, аскердик жана гуманитардык маселелерди чечүү үчүн үч онлайн жумушчу топ түзүүнү сунуштаган, бирок ошондон бери прогресс токтоп калгандай көрүнөт.

Түркиядан тышкары, Бириккен Араб Эмирликтери, ошондой эле Сауд Арабия жана Катар да Орусия менен Украинанын ортосундагы гуманитардык алмашууларда ортомчулук кылышкан.

Иликте
Япониянын түндүк-чыгыш аймагында 6,7 баллдык жер титирөө катталып, цунами коркунучу жарыяланды
Пашинян Азербайжан менен "Карабах маселесин" чечүү үчүн биргелешкен жол картасын сунуштады
Германиянын канцлери Мерц: Украинанын аймактык жеңилдиктер боюнча сунуштары Трампка билдирилди
Лавров: Орусиянын НАТО жана Евробиримдикке кол салуу планы жок
Сирия өзгөчө сотторду жоюу менен Асаддан кийинки өткөөл адилеттикке карай бара жатат
АКШ Орусиянын энергетикалык агымдарын калыбына келтирүүнү сунуштап жатат
Катуу жааган жамгырдан улам Газадагы качкындар лагерлерин суу каптады
Түркия кечигип жаткан Каспий газ кууру үчүн ишке киришти
АКШнын БУУдагы өкүлү: Трамптын Газада ок атышууну токтотуу планы боюнча жакында кадамдар ташталат
АКШнын элчиси: Түркия Газанын турукташтыруу күчтөрүнө кошулушу керек
Петро Колумбиянын баңгизатка каршы күрөшүнө байланыштуу Трампка катуу жооп берди
Түркия  Газада журналисттердин бутага алынышын көрсөткөн «Чындыкты өлтүрүү» аттуу макала жарыялады
АКШ Украина жана Израиль үчүн 900 миллиард долларлык коргонуу каражаты мыйзамын бекитти
Израиль аскерлери оккупациядагы Батыш Шериада 100гө жакын палестиналыкты камакка алды
Исландия "Евровидение" ыр сынагынан чыккан бешинчи Европа өлкөсү болуп калды