Израиль Газанын негизги шаарына чабуулдарын күчөткөндөн кийин палестиналыктар Газанын борбордук бөлүгүндөгү жээк жолу аркылуу трактор, жеңил унаа жана жүк ташуучу унаалар менен аймактан качып жатышат.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Газа шаары жана анын айланасында болжол менен бир миллион адам жашайт. Израиль армиясы Палестина жерлериндеги эң ири шаар борбору болгон аймакты басып алууга даярданууда.
Шейшемби күнү армия бардык тургундарга дароо түштүккө көчүүнү буйруп, шаарга "массалык күч" менен кире турганын билдирди.
Жээк жолу аркылуу Газа шаарынан качкан Саиб аль-Мубайед: «Катуу бомбалоолордун астында Газанын түштүгүнө күч менен көчүрүлдүк»,-деди.
Франс Пресске берген маегинде аль-Мубайед "Көптөгөн имараттар талкаланды" деп кошумчалады. Жер которгон адамдар баш калкалаган аймактардагы мечиттер да бутага алынып, бизди кетүүгө аргасыз кылды», - деди.
Израиль Газадагы чабуулун токтотуусу үчүн эл аралык кысымга туш болууда. Бул аймакта калктын басымдуу бөлүгү акыркы эки жылдагы согушта жок дегенде бир жолу көчүрүлгөн.
Жер которгондордун айрымдары жүк ташуучу унаалар жана тракторлорго чиркелген арабаларда үй-бүлөлөрү жана үй эмеректери менен жүрүшсө, башкалары оор арабаларды кол менен түртүүгө аргасыз болушту.
Газа шаарынан жер которгон Ахмед Шамла салгылашууларды токтотууну жана Палестина аймактарына өтмөктөрдүн ачылышын суранып, "Жашоо мурдагыдай калыбына келсин... Жетишет" деди.
Израилдин армиясы палестиналыктарга түштүк жээктеги Аль-Маваси аймагындагы "гуманитардык зонага" барууну сунуштап, ал жерде жардам, медициналык тейлөө жана гуманитардык инфраструктура камсыздалат деп билдирди.
Израиль бул аймакты согуштун башында коопсуз зона деп жарыялаган, бирок андан бери ХАМАСты бутага алганын айтып ал жерге бир нече жолу сокку урду.
Палестиналыктар түштүккө көчүү өтө кымбатка турарын жана белгиленген зоналарда чатыр тигүүгө орун жок экенин айтышууда.
Газанын жарандык коргонуу агенттигинин өкүлү Махмуд Бассал шейшемби күнү AFP агенттигине “Борбордук жана түштүк аймактарда жашоо үчүн негизги шарттар жок… Баш калкалоочу жай, чатыр тигүүгө орун, тамак-аш жана ичүүчү суу жок" деп билдирди.
Газадагы маалыматтык чектөөлөр жана көптөгөн аймактарга кирүүдөгү кыйынчылыктардан улам Франс Пресс, жарандык коргонуу агенттиги же Израиль армиясы берген маалыматты өз алдынча ырастай албайт.
"Бардык жерде өлүм"
Израиль армиясы шейшемби күнү Газа шаарындагы палестиналыктарга эвакуациялоо буйругун камтыган баракчаларды жаадырды.
Газа шаарынын Зейтун конушунан качкан 36 жаштагы Халид Хувайтер: "Израилден кайда барышыбыз керек экенин сурап жатам" деди.
"Газа шаарынан Аль-Маваси аймагына качкандар... Баш калкалоочу жай тапкан жок… чатыр, суу, тамак-аш жок", - деп кошумчалады.
"Бомбалоо жана өлүм бардык жерде. Бир гана Кудай бар, ал эми дүйнө кыргынга көз салып, эч нерсе кыла албай жатат" деди.
30 жаштагы Мирват Абу Муаммар буга чейин күйөөсү жана үч баласы менен бир жолу качканын, эми болсо негизги керектөөлөрү жок экенин айтты.
"Биз күтүп турабыз. Эки жылдан бери тынчтыкты же уйкуну билген жокпуз — бир гана өлүм, кыйроо жана үмүтсүздүк" деп кошумчалады.
2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин аскерий чабуулунан кеминде 64 миң 522 палестиналык набыт болду, алардын көбү жай тургундар. Бул сандар Бириккен Улуттар Уюму ишенимдүү деп эсептеген Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтарына негизделген.












