Амазон «коботторго» ишенет: Кызматташ роботтор миңдеген жумушчуларды алмаштырат
ЭКОНОМИКА
2 мүнөт окуу
Амазон «коботторго» ишенет: Кызматташ роботтор миңдеген жумушчуларды алмаштыратАвтоматташтыруу стратегиясы электрондук соода гигантынын 2027-жылга чейин 160000 жаңы кызматкерди жалдоодон баш тартуусуна мүмкүндүк берет, ал эми 2025-жылдан 2027-жылга чейин 12.6 миллиард доллар үнөмдөөгө жетишет деп ички документтер көрсөтүүдө.
Amazon компаниясынын робототехника бөлүмү анын операциялык процесстеринин 75 пайызына чейин автоматташтырууну көздөйт. / AA

Amazon (Амазон) компаниясы АКШдагы ишмердүүлүгүндө автоматташтырууну кеңири жайылтууну пландап жатат. Бул кадам келечекте жумушчуларды жалдоону кыйла кыскартышы мүмкүн экенин The New York Times басылмасы изилдеген ички документтер жана маектер көрсөттү.

Маалыматка ылайык, компаниянын робототехника бөлүмү Amazon компаниясынын операциялык процесстеринин 75 пайызга чейин автоматташтырылышын көздөп жатат. Бул кадам жакынкы жылдарда жарым миллиондон ашык америкалык жумушчуну жалдоого муктаждыкты жоюшу мүмкүн.

Документтерге ылайык, бул стратегия 2027-жылга чейин 160000 жаңы кызматкерди жалдоодон баш тартууга жана 2025-2027-жылдар аралыгында болжол менен 12.6 миллиард доллар үнөмдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле, компания 2033-жылга чейин продукциянын сатылышын эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатат, бирок бул жумушчу күчүнүн өсүшүнө алып келбейт.

“Кызматкерлерди кайталанма иштерден бошотуу”

Amazon бул демилге кызматкерлерди кайталанма иштерден бошотуп, роботторду тейлөө, программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана системаларды башкаруу боюнча жаңы техникалык жумуш орундарын түзөт деп ишендирүүдө.

Ички маалыматтарга караганда, компания коомчулукта жумушсуздукка байланыштуу тынчсызданууларды азайтуу үчүн “роботтор” же “автоматташтыруу” деген сөздөрдүн ордуна “өнүккөн технология” жана “коботтор” (кызматташ роботтор) сыяктуу терминдерди колдонууга кеңеш берген.

Amazon компаниясынын өкүлү Келли Нантел бул маалыматтарды четке кагып, документтер толук эмес жана компаниянын кеңири жалдоо пландарын чагылдырбайт деп билдирди. Нантел Amazon алдыдагы майрамдык сезон үчүн 250000 жумушчуну жалдоону пландап жатканын баса белгиледи, бирок алардын канчасы туруктуу жумуш орундарын түзөрүн тактаган жок.

2018-жылдан бери Amazon компаниясынын АКШдагы жумушчу күчү 1.2 миллионго жетип, өлкөдөгү эң ири жеке иш берүүчүлөрдүн бири болуп калды. Автоматташтыруу боюнча бул демилге компания үчүн да, АКШдагы кампалык иштердин келечеги үчүн да маанилүү бурулуш учур болушу мүмкүн.

Иликте
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди