АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Өзбекстандын Самарканд шаарында Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолугушту.
Марко Рубио Өзбекстанга сапары тууралуу X социалдык медиа платформасында билдирүү бөлүштү.
Рубио Саидов менен Самаркандда жолукканын жана кесиптеши менен эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү, анын ичинде инфраструктура, космос, маанилүү минералдар жаатындагы кызматташтык жана C5+1 дипломатиялык платформасы аркылуу жүргүзүлгөн иш-аракеттерди талкуулагандарын маалымдады.
Марко Рубио ошондой эле алар эки өлкөнүн жана аймактын гүлдөп-өнүгүшүн жогорулатуу үчүн иштеп жатышканын баса белгиледи.
АКШнын президенти Дональд Трамптын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серхио Гор да X баракчасында, 300дөн ашык бизнес лидерлери менен АКШ-Борбордук Азия экономикалык өнөктөштүгүнүн "кийинки бөлүмүн жазгандарын" бөлүштү.




















