ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Португалияда мамлекеттик кызматкерлер иш ташташты
Өлкөдөгү турак жай кризисине нааразычылык билдирүү үчүн да 14-ноябрда жалпы иш таштоо чакырыгы салынды.
Португалияда мамлекеттик кызматкерлер иш ташташты
Португалияда мамлекеттик кызматкерлер 24 сааттык иш таштоого чыгышты.

Португалиядагы мамлекеттик кызматкерлер айлык акыны жана жумуш шарттарын жакшыртууну талап кылып 24 сааттык иш таштоого чыгышты.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана мекемелердин кызматкерлеринин улуттук профсоюзу (STTS) тарабынан чакырылган иш таштоо түн ортосунда башталып, ага борбордук, аймактык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин жана мамлекеттик сектордогу компаниялардын кызматкерлери катышты.

Иш таштоодон өзгөчө билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактары таасирленип, соттордо да олуттуу үзгүлтүккө учуроолор болушу күтүлүүдө.

Португалия басма сөзүндөгү маалыматтарга караганда, көптөгөн мектептер үй-бүлөлөргө сабактар ​​кадимкидей өткөрүлбөй тургандыгы жөнүндө кабарлашкан, ал эми ооруканалар пландаштырылган операцияларда же жолугушууларда кечигүүлөр же жокко чыгаруулар болушу мүмкүн экенин жарыялашкан.

STTSтин башкы катчысы Матильде Перейра басма сөзгө иш таштоого катышуу көрсөткүчү 80 пайыздан 90 пайызга чейин болот деп күтөрүн билдирди.

Ошол эле учурда Португалиядагы профсоюздар өлкөдөгү турак жай кризисине нааразычылык билдирүү үчүн 14-ноябрда жалпы иш таштоо өткөрүү чакырыктарын кайталашты.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады