ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Португалия Палестина мамлекетин расмий тааныды
Тышкы иштер министри Пауло Рангел Газада ок атышууну токтотуу жана эки мамлекеттүү чечимге жетишүү чакырыктары күчөп турганда, кабинеттин жактыруусунан жана парламенттин кеңири колдоосунан кийин бул чечимди Нью-Йоркто жарыялады.
Португалия Палестина мамлекетин расмий тааныды
2025-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясынын алдында Португалиянын тышкы иштер министри Паулу Рангел Палестинаны тааныгандыгын жарыялады. / Reuters

Өлкөнүн тышкы иштер министри жекшемби күнү Нью-Йоркто Португалия Палестина мамлекетин расмий тааныганын жарыялады.

RTP агенттигинин маалыматына ылайык, тышкы иштер министри Пауло Рангел бул тууралуу Нью-Йорктогу Португалиянын туруктуу өкүлчүлүгүндө билдирди.

Рангел ошондой эле бардык туткундарды бошотууга, кагылышууларды токтотууга жана Газада ок атышпоону камсыздого чакырды.

Анын айтымында, бул чечим президент жана парламенттеги партиялардын басымдуу көпчүлүгү колдогон консультациялык процесстин жыйынтыгында 18-сентябрдагы Министрлер кеңешинин бекитүүсү менен түз кабыл алынды.

Президент Марселу Ребелу де Соуза буга чейин өкмөттүн бул кадамын толук колдой турганын билдирген.

Бул жарыя БУУнун Башкы Ассамблеясынын алдында Улуу Британия, Канада жана Австралия да Палестина мамлекетин расмий түрдө тааныганын жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин айтылды.

Франция, Люксембург жана Мальта болсо келерки аптада өткөрүлө турган Ассамблея учурунда ушундай кадам жасай турганын ырасташкан.

Иликте
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды