ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри биринчи жолу оккупациядагы Батыш Шериага барат
Саудиянын тышкы иштер министри ханзаада Фейсал бин Фархан Израилдин кыйратуучу согушу уланып жатканд Газага барат. Бул Саудиянын тышкы иштер министринин аймакка жасаган алгачкы сапары болот.
Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри биринчи жолу оккупациядагы Батыш Шериага барат
/ AA

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Ферхан Палестина мамлекетин түзүү боюнча эл аралык аракеттер күчөгөн маалда, араб-ислам министрлер комитетинин атынан жекшемби күнү оккупацияланган Батыш Шериадагы Рамалла шаарына барат.

Дипломатиялык булактын AFP агенттигине билдиргенине караганда, ханзаада Файсал Израилдин Газадагы геноциди уланып жаткан жана Эр-Рияддын Палестина мамлекетин колдоо үчүн аракет кылып жаткан бир мезгилде 1967 - жылдан бери басып алынган Батыш Шериага барган Саудиянын биринчи тышкы иштер министри болот.

Саудиянын башкаруусундагы "Аль-Арабия" телеканалы билдиргендей, ханзаада Файсал комитетти жетектеп, Израилдин Газага каршы согушун жана оккупациясын токтотуу үчүн эл аралык аракеттерди мобилизациялоого жооптуу. Ал сапар учурунда Палестинанын жогорку жетекчилери жана президент Махмуд Аббас менен жолугушат.

Бул сапар кийинки айда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Палестина боюнча конференциясына карата даярдыктар күчөп жаткан учурга туш келүүдө.

Франция жана Сауд Арабия жетекчилик кыла турган конференцияда кагылышуунун эки мамлекеттүү түзүлүш менен чечүү ыктымалы каралат.

Буга чейин Палестинанын Сауд Арабиясындагы элчиси Мазен Гонейм Саудиянын мамлекеттик "Аль-Ихбария" телеканалына берген маегинде Египет, Иордания жана башка өлкөлөрдүн жогорку дипломаттарынын Саудиянын тышкы иштер министрин коштой тургандыгын билдирген.

Гонейм :"Министрлер деңгээлиндеги бул сапар… ачык билдирүү катары кабыл алынууда. Палестина маселеси арабдар жана мусулмандар үчүн борбордук маселе болуп саналат", - деп кошумчалады.

Бул делегациянын сапары Комитеттин Мадридде ишке ашкан жана 1967 - жылдагы чек арага таянган, Чыгыш Кудс Палестинанын борбор шаары болгон эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышын баса белгилеген акыркы жолугушуудан кийин болот.

Бардык үй- бүлөлөр жок кылынды

АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү ок атышууну токтотуу келишими "өтө жакын" экендигин билдирди.

Израилдин Газадагы геноциддик согушу 602-күнүнө кирди. Каза болгон палестиналыктардын саны расмий түрдө 54 миң 321ден ашты. Бүтүндөй үй-бүлөлөрдүнжок кылынганы жана азыр да миңдеген адамдын уранды астында экендиги айтылууда.

БУУнун гуманитардык иштер боюнча башчысы Том Флетчер Израилдин Газадагы калкты ачарчылыкка мажбурлоосу согуштук кылмышы экенин жана курчоодогу аймактын бүтүндөй калкы ачарчылык коркунучунда экендигин билдирди.

БУУнун мурдагы гуманитардык иштер боюнча башчысы Мартин Гриффитс Газада болуп жаткан окуяларды геноцид деп атоого убакыт келгенин баса белгиледи.

Amnesty International Израилдин Газадагы палестиналыктарга каршы геноцид кылмышын жасап жатканын мындан мурун да билдирген.

Палестинадагы кырдаал боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Франческа Албанезе Израилдин Газада геноцид жасап жатканын айтты.

Эл аралык Сот 2024-жылдын 26-январында палестиналыктар "геноцид коркунучунда" экендигине чечим чыграган.

Иликте
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка" айлантууга чакырды
Мунай баалары АКШнын Иранга карата блокаданы узартуу пландарынан улам көтөрүлдү
Нетаньяху Иран согушу башталгандан бери биринчи жолу коррупция боюнча сот алдына чыкты
Парламент президентти шайлай алган жок; Косово мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрөт
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду
Перс булуңунун лидерлери Жиддада саммит өткөрүштү
Губернатор: Украинанын дрондору Орусиянын Туапсе мунай иштетүүчү заводуна кол салды
Иран согушу Сомалинин жетиштүү тамактанбаган балдарын катуу жабыркатты
"Трамп Ирандын Ормуз кысыгын кайра ачуу сунушуна макул эмес"
Ок атышпоо келишимин бузган Израиль Ливандын түштүгүндө төрт кишини өлтүрдү
Ирактын Координациялык алкагы премьер-министрликке Али аз-Зайдинин талапкерлигин көрсөттү
Герцогдун учагы Түркиянын аба мейкиндигине кире албай, узак жолдон кийин Казакстанга конду
Түштүк Корея Түндүк Кореянын ядролук программасына каршы чукул глобалдык аракеттерди көрүүгө чакырды
АКШ Иран авиакомпанияларын колдогон фирмаларды санкциялар тууралуу эскертти
Индонезиянын Батыш Ява провинциясында таксинин айынан болгон поезд кырсыгынан 14 адам каза тапты
Европа энергия үчүн кошумча 32 миллиард доллар төлөөгө аргасыз болду