ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Хакан Фидан БУУну реформалоого чакырып, глобалдык тартипте "легитимдүүлүк кризиси" тууралуу эскертти
Тышкы иштер министри мамлекеттерди Газадагы трагедия эл аралык системанын ийгиликсиздиктерин ашкерелегенин айтып, күчтүү тилектештикке чакырды.
Хакан Фидан БУУну реформалоого чакырып, глобалдык тартипте "легитимдүүлүк кризиси" тууралуу эскертти
Хакан Фидан дүйнө көп тараптуулукту курууну улантабы же кыйратуучу атаандаштыкка кайтабы, муну чечиши керек дейт. / AA
1 Ноябрь 2025

Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан дүйнөлүк тартип "тереңдеп жаткан шал оорусуна" окшогонун, мунун эл аралык институттарга болгон ишенимди кетирип, өлкөлөрдү бир тараптуу кадамдарга түртүп жатканын белгилеп, "легитимдүүлүк кризистен" сөз кылды.

Фидан ишемби күнү Стамбулда өткөн TRT World Forum иш-чарасында сөз сүйлөп, дүйнөнүн бир полярдуу тартиптен алыстап жатканын белгилеп, жаңы тартиптин "көп тараптуулукка негиздейбизби же кыйратуучу атаандаштыкка кайтабызбы" деген суроого жооп бериши керектигин айтты.

Фидан өнөктөштүккө жана инклюзивдүүлүккө негизделген "күчтүү жана реформаланган эл аралык системаны" түзүүгө чакырып: "Бүгүнкү күндө биз туш болуп жаткан кыйынчылык эрежелердин жоктугунда эмес, алардын бирдей эмес колдонулбашында",- деди.

Фидан глобалдык институттарды, айрыкча Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) кеңири реформалоого чакырып, бул уюмдун "негиздөөчү убадаларын аткарууда барган сайын кыйналып жаткандыгын" билдирди.

Министр Түркиянын "бир нече өлкөнү артыкчылыктуу кылуунун ордуна көпчүлүктү күчтөндүргөн, демократиялуу жана өкүлчүлүктүү БУУнун Коопсуздук Кеңешин" жактап жатканын билдирди.

"Газадагы ок атышууну токтотуу морт бойдон калууда"

Фидан Жакынкы Чыгыш маселесине да токтолуп "легитимдүүлүктүн жоголушу жана глобалдык башкаруунун шал болушу" Газада эң трагедиялуу көрүнүш экенин айтты.

Фидан Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын көз карашына ылайык, "геноцидди токтотуу" жана адилеттүүлүктү жайылтуу үчүн дипломатиялык аракеттерге жетекчилик кылганын, анын ичинде Газа үчүн Ислам Кызматташтык Уюмунун – Араб Лигасынын Байланыш Тобунун түзүлгөнүн белгиледи.

Фидан Нью-Йоркто жана Шарм-эль-Шейхте өткөн акыркы жыйындарды "тынчтыкка карай маанилүү кадамдар" деп атап, бирок Израилдин улантылып жаткан чабуулдарына байланыштуу ок атышпоонун абалы морт экенин эскертти.

"Адилеттүү жана туруктуу тынчтык - эки мамлекеттүү чечим ишке ашырылып, Газаны палестиналыктар башкарганда гана камсыздалат", - деп кошумчалады Фидан.

Иликте
Ирактагы май куюучу учак кырсыкка учурап, Америка экипажынын төрт мүчөсү каза болгону тастыкталды
Түрк желектүү кеме Ормуз  кысыгынан өттү
Ирандан түрк аба мейкиндигине атылган баллистикалык ракетаны НАТО жок кылды
Пакистандын премьер-министри Шариф өз өлкөсүнөн Сауд Арабияга "толук колдоону" убада кылды
Сербия Хорватия-Албания-Косово альянсына каршы даярданууда
Гутерриш: Жакынкы Чыгыш АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам орчундуу абалда
Россия дүйнөлүк энергетика рыногунун орус мунайына муктаж экенин айтууда
Президент Эрдогандан БУУнун Башкы катчысы Гутерришке "Ататүрк" эл аралык тынчтык cыйлыгы
АКШ аскердик учагы Ирактын батышында кулады
Эрбилдеги дрон чабуулунан бир адам каза болуп, жети француз аскери жаракат алды
Пакистан Кабул жана Ооганстандын чек ара аймактарына жаңы аба соккуларын жасады
АКШ, Россия жана Кытайдын ортосунда Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишпестик
Израилдин Бейруттагы чабуулунан эки адам каза болду
Нетаньяху Ирандын жаңы Жогорку лидерин коркутуп, АКШ менен Израилдин чабуулун жактады
Кытай Ормуз кысыгындагы бардык тараптарды кемелерге кол салууну дароо токтотууга чакырды