ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Тышкы иштер министри Фидан катарлык жана азербайжандык кесиптештери менен сүйлөштү
Министрлер Тркияга карата атылган баллистикалык ракета боюнча тилектештик жана колдоолорун билдиришти.
Тышкы иштер министри Фидан катарлык жана азербайжандык кесиптештери менен сүйлөштү
Түркиянын тышкы иштер министри Катардын жана Азербайжандын кесиптештери менен аймактык өнүгүүлөрдү талкуулады. / AA Archive
14 Март 2026

Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан аймактагы акыркы кырдаалды Азербайжан жана Катардын тышкы иштер министрлери менен талкуулады.

Дипломатиялык булактардын маалыматына караганда, Фидан жума күнү Катардын Премьер-министри жана Тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Сани жана Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер Түркияга багытталган ракеталык чабуулдарга байланыштуу тилектештик жана колдоолорун билдиришти.

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги буга чейин Ирандан атылып, түрк аба мейкиндигине кирген баллистикалык ракетанын Жер Ортолук деңизинин чыгышында жайгашкан НАТОнун аба жана ракетага каршы коргонуу бөлүктөрү тарабынан жок кылынганын жарыялаган. Бул АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан бери катталган үчүнчү окуя болду.

Эскерте кетсек, Израиль менен АКШ 28-февралда Иранга каршы биргелешкен чабуул баштаган. Бул чабуулдардын натыйжасында ушул кезге чейин араларында Ирандын диний лидери Али Хаманеи болгон 1300гө жакын адамдын каза болгону маалымдалды.

Тегеран жооп катары Израилди, Иорданияны, Иракты жана АКШнын аскердик күчтөрү жайгашкан Перс булуңундагы өлкөлөрдү дрондор жана ракеталар менен бутага алган чабуулдарды жасады. Бул чабуулдарда адам өлүмү катталып, жарандык инфраструктура да зыянга учурады.

Иликте
Фидан  Пакистандын премьер-министри Шариф менен жолугушту, күн тартибинде АКШ -  Иран орун алды
Эрдоган: "Тынчтык жана коопсуздук үчүн аймактык актерлор негизги ролду ойнойт"
Түркия менен Сомали президенттери энергетикалык кызматташтыкты жана аймактык маселелерди талкуулашты
Сирия күчтөрү АКШ аскерлери чыгып кеткенден кийин Хасакадагы "Касрак" аба базасына кирди
Кемелер АКШнын блокадасына карабастан Перс булуңуна кирүү үчүн жаңы багыттарды карап жатышат
ЭЭА: Европанын авиациялык күйүүчү майы 6 жумага гана жетиши мүмкүн
Польша Газадагы катаал мамиледен улам Израилди айыптады
Израиль Захрани дарыясынын түштүгүндөгү ливандыктарды аймактан чыгып кетүүнү эскертти
Орусиянын Украинага кол салуусунан үч адам каза болду
Пентагон Кубага ыктымалдуу операцияны пландаштырууну тездетүүдө
ФИФАнын төрагасы: Иран сөзсүз түрдө Дүйнөлүк чемпионатка катышат
Түркия парламентинин төрагасы Куртулмуш Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотууну талап кылды
Жакынкы Чыгыштагы согуш: энергетикалык зыян 58 млрд долларга жетиши мүмкүн
Иран Ормуз кысыгында АКШ блокадасы улантыла турган болсо Кызыл деңизди жабуу менен коркутту
Зеленский: АКШ Иран согушунан улам Украинага убакыт бөлө албай жатат