Үстүбүздөгү жылдын 7-8-июлунда Анкарада өтө турган 2026-жылдагы НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити, жалпысынан Түркиянын альянс ичиндеги дипломатиялык салмагынын өсүп жатышынын далили катары каралууда.
Бул саммиттин жүрүшүндө Түркиянын негизги максаттарынын бири — НАТОнун Евро-Атлантикалык аймакты коргоо чечкиндүүлүгүн баса белгилөө жана союздаш өлкөлөрдүн уюмдун 5-беренесине болгон берилгендигин кайрадан ырастоосун камсыз кылуу болуп саналат.
Түркияны НАТОго мүчө болууга түрткөн негизги фактор — мурдагы советтер союзунун түрк кысыктары жана чыгыш аймактарына болгон дооматтарынан келип чыккан коркунучту тең салмактоо зарылчылыгы болгон.
АКШдан кийин Кореяга кургактык күчтөрүн жөнөткөн алгачкы өлкө болгон Түркия, бул салымынан кийин 1952-жылы НАТОнун курамына расмий түрдө кирген.
Глобалдык миссияларга колдоо көрсөтүү
Альянстагы экинчи чоң армияга ээ болгон Түркия Афганистан, Косово, Босния-Герцеговина, Ливия жана Ирак сыяктуу өлкөлөрдөгү НАТО миссияларына салым кошкон.
Түркия Афганистандагы "Чечкиндүү колдоо" миссиясынын алкагында Кабул Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортунун коопсуз иштеши үчүн кол чатыр өлкө катары кызмат кылган.
Түркия ошондой эле 2018-жылы Ирактагы НАТО миссиясына 40 кызматкер кошкон жана бул колдоону ушул жылдын март айына чейин улантты.
НАТОнун улантылып жаткан операцияларын колдогон Түркия «Деңиз сакчысы» операциясы жана Туруктуу деңиз топтору менен бирге учурда альянска 3000ге жакын аскер кызматкери менен колдоо көрсөтүүдө.
Түрк куралдуу күчтөрү 2023-жылы 34, 2024 - жылы 39 жана 2025-жылы 50 НАТО машыгуусуна катышты.
Түркия ушул жылы Германияда өткөн НАТОнун «Steadfast Dart» машыгуусуна 2000ден ашуун аскерден турган биргелешкен күч менен катышты. Машыгуу учурунда түрк флотунун кемеси TCG Aнадолудан учкан TB-3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Балтика деңизинин үстүндө белгиленген бутага ийгиликтүү сокку уруп, аскердик тарыхта жаңы барак ачты.
Коргонууга кеткен чыгымдар
Түркия 2023-жылдан бери экинчи жолу KFORдун командири катары кызмат кылды.
НАТОнун 32 мүчө мамлекетинин арасында Түркиянын деңиз флоту "Деңиз сакчысы" операциясына эң чоң салым кошту.
Түркиянын жогорку даярдыктагы деңиз күчтөрү (TURMARFOR) 2023-жылы НАТОнун жооп кайтаруу күчтөрүнүн деңиз компонентинин командирлигин жана 2024–2025-жылдары Жер Ортолук деңиз күчтөрүнүн командирлигин өз колуна алды.
Түркиянын НАТОдогу ролу динамикалык "коопсуздук өндүрүшүнө" негизделген.
Акыркы жылдары Түркиянын маанилүү коргонуу технологиялык продукциялары болгон "Болот күмбөз", "KAAN" жана "Алтай" сыяктуу долбоорлор альянстын технологиялык артыкчылыгын бекемдеп жатат.
2025-жылы Түркия өзүнүн ички дүң продукциясынын 2,33%ын коргонууга бөлгөн, ал эми 2028-жылдан баштап ал НАТОнун Союздаш жооп кайтаруу күчтөрүнүн (ARF) жетекчилигин өткөрүп алат.




















