ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Трабзондо египеттик туристтердин саны көбөйдү
"Трабзонспор" клубу египеттик жылдыз футболчу Мухаммед Салахты командасына кошуп алгандан кийин шаардагы египеттик коноктордун саны жылдын алгачкы 8 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга, ал эми август айында 55 пайызга өстү.
Трабзондо египеттик туристтердин саны көбөйдү
Салахтын трансферинен кийин Трабзондо египеттик туристтердин саны көбөйдү

Кара деңиздин туристтик шаарларынын бири болгон Трабзон акыркы мезгилде айрыкча Египет рыногундагы активдүүлүгү менен өзгөчөлөнүүдө.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынан алынган маалыматка ылайык, өткөн жылдын январь-август айларында Трабзондо египеттик коноктордун саны 4450 деп катталган болсо, быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 5558ге көбөйдү.

Ушундайча бул мезгилде шаардагы египеттик коноктордун саны 25 пайызга өстү.

Ай сайын берилүүчү маалыматтарга караганда, өсүш август айында абдан жогорулаганы байкалды. Өткөн жылдын август айында 1151 египеттик конок келсе, быйылкы жылдын ушул эле айында 1788ге чейин көбөйдү. Бул өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 55%га өсүштү билдирет.

Салахтын таасири туризмдин ар кандай тармактарына чагылды

Август айында "Трабзонспордун" египеттик жылдыз футболчу Мухамед Салахты командасына кошуп алышы шаардын Египетте таанылышына жана Трабзон менен Египеттин ортосундагы туризм жаатындагы өз ара аракеттенүүгө жаңы өлчөм кошту.

Салахтын Трабзондо жергиликтүү даамдуу тамактардан даам татып жаткан сүрөттөрүнүн социалдык медиада бөлүшүлүшү аймактын гастрономиясына болгон кызыгууну арттырды, ал эми жылдыз футболчу барган Куртдере жайлоосу шаардагы эң көп барган жерлердин бирине айланды.

Египет менен Трабзондун ортосундагы транспорттук байланыштардын жакшырышы туризм ишмердүүлүгүн да колдоп, Каир менен Трабзондун ортосунда түз чартердик каттамдардын ачылышы эки шаардын ортосундагы саякаттарды жеңилдетти.

Иликте
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз
ЕБ энергетика тармагындагы баа кризиси жөнүндө эскертти
Эрдоган: «Террорсуз Түркия» аракеттери Түркиянын душмандарына бөгөт коюучу таасир жаратты»