Менин досум Айшенур адилеттик жана Палестинанын эркиндиги үчүн эр жүрөк коргоочу болчу

Жаш америкалык-түрк активист, Палестина үчүн боштондукту жана адилеттикти издеген назик жана чечкиндүү адам катары дүйнө жүзүнүн эсинде калат.

Айсенур Эзги Эйги / AA Archive

Өткөн жылдын май айында Айшенур Эзги Эйги менен АКШдагы студенттик лагерде биринчи жолу тааныштым. Биз Палестинаны колдоо жана Израилдин Газада уланып жаткан геноцидине каршы туруу үчүн Вашингтон университетинде болучубуз. Ал кезде Айше студенттик кыймылдын баштоочуларынын бири катары маанилүү роль ойноп жаткан. Жаш америкалык түрк университетте билим алуу  учурунда жана андан кийин палестиналыктар үчүн адилеттүүлүк жана башка көптөгөн максаттар үчүн күрөшүүгө шыктанган.

Жашоо бизди Палестина элинин эркиндиги үчүн бириктирди жана мен билген Айше эң сонун адам эле - ​​абдан боорукер, сүйкүмдүү жана эр жүрөк, күчтүү лидер болучу. 26 жаштагы Айше абдан экстраверт адам болгон жана достору көп болчу, ал дайыма жылмайып, позитивдүү маанайды тартуулап турчу.

Айшe ар дайым башкаларга жардам берип, досторунан кабар алып, ал-акыбалын сурап, бир нерсеге муктаждыгы барбы жокпу деп колу бош эмес, жумушу көп болсо да сурап турчу.

 Баары үчүн теңдик

Кээ бир аныктоочу өзгөчөлүктөрүнүн бири катары Айшенин укмуштуудай чечкиндүүлүгүн эстейм. Муну ал адамдарды бактылуу кылууга аракет кылып жатып тамашалоо жөндөмү менен толуктачу. Бирок активдүүлүкко келгенде олуттуу жагы да бар болчу.

Анын коомдук аң-сезими көбүнчө уюштуруу иштерине көп убакыт бөлүүгө түртчү.

Айше Палестинаны абдан жакшы көрчү жана университеттин лагеринде маанилүү роль ойноду – студенттер жана университеттин администрациясы менен баарлашып ал пландаштырууга да активдүү катышкан.

Ал студент кезинде билим алууга да, активистикке да жетишип, бүтүрүү экзамендерин мыкты окуп, жакшы баа алып, акыры Вашингтон университетин бүтүргөн.

Айше адилеттүүлүктүн бир гана Палестина маселесин коргоодо эмес, бардыгы үчүн теңдик үчүн күрөш деп эсептеген адам эле.

Жаш активист катары социалдык аң-сезимин өстүрүү менен бирге чет өлкөлөргө да барган. Бир нече жыл мурун ал Түштүк-Чыгыш Азияда рохинжа элине каршы жасалып жаткан геноцидди байкоо үчүн Мьянмага барган.

Жаш кезинде Анталиядан кеткенден кийин  АКШнын Сиэтл шаарында Айше да расалык адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, Black Lives Matter (BLM) кыймылына кошулган.

Айше абдан чынчыл болчу; дайыма жүрөгүнөн чыкканды жасап, кандай иш болбосун ушунчалык сүйүп жасачу. Айшенин жашоону канчалык сүйгөнүн жана окуусун улантуу үчүн ынтызар болгонун ошондой эле басып алынган Батыш Шериага баргысы келгенин дайыма эстейм.

 Батыш Шериага сапары

Айше ал жакка барууну чындап каалап, ал жердеги чындыкты жана 1967-жылдан бери Батыш Шериада толук аскерий басып алууга дуушар болгон палестиналыктардын чыныгы абалын көрүүгө жана андан кийинки этникалык тазалоого каршы турууга чечкиндүү болгон.

Израилдин палестиналыктарга каршы чабуулдары октябрь айында күчөгөндөн бери армия 41 миңден ашуун адамды өлтүрдү, алардын көбү аялдар жана балдар. Оккупацияланган Батыш Шериада Израиль ушул убакка чейин 700гө жакын адамды өлтүрүп, 5700дөн ашуун адамды жарадар кылды.

Буга байланыштуу, биз СМС аркылуу тез-тез байланышып турган мезгилде, Айше мага атасынын жана башка университеттин профессорлорунун ал жерде болушунан канчалык корккондугун айткан эле.

Бирок ал күчтүү болгон. Айше дагы эле ал жакка, басып алынган Батыш Шериага барып, баскынчылыкка каршы Палестинанын каршылыгын колдоону каалады. Ал эмне болгонун жеринде так көрүп, кайра кайтып бул кабарды дүйнөгө жөнөтүүнү улантууну каалады - бул көп учурда цензурага алынган баян.

Айше коркунучтарды түшүнүп турса да, баары бир баргысы келди. Өз изин калтыргысы келип, кайдыгер дүйнө эч нерсе кылбагандыгынан улам Газада геноцидге кабылган Палестина элинин жанында тургусу келди.

Эл аралык тилектештик кыймылынын (ISM) мүчөлөрү менен ал жакка барышынын себеби, ошол билдирүүнү жөнөтүүнү улантуу жана Израилдин оккупациясынын жана жапайычылыктын чындыгын дүйнөгө көрсөтүү болчу.

Айше менен акыркы жолу телефондо суйлошүүм ал өлтүрүлгөнгө бир нече саат калганда болгон. Мен ошондо аны менен эки сааттан ашык сүйлөштүм.

Ошол учурда Айшенин чын жүрөктөн сүйлөп жатканын сездим. Ал мага оккупация канчалык коркунучтуу экенин жана анын астында жашоо канчалык кыйын болгонун айтып берди – бул чындыкты палестиналыктар катары мен үй-бүлөм менен бирге сездик.

Мени да ошол жерден кармашты; жашыруун күчтөр инимди кармашты. Атам да камалып, бир жолу бутуна ок атышты.

 Оккупация астында жашоо

Оккупацияланган Батыш Шериадан ыйык Кудс шаарына өткөрүү пункттарынан өтүп баратканда расалык дискриминацияны жана коркунучту жон териңиз менен сезесиз.

Көптөгөн палестиналыктар эч нерсе кылбаса деле атылып өлтүрүлүп жатат. Ал жердеги палестиналык досторум ушундай чындыкты, текшерүү пункттары менен курчалган үйлөрүндө келген кеткен конокторуна коркутуулар менен жана ошондой эле жамааттардын кирүүсүндө же чыгуусунда тоскоолдук көрүп  жашашты. Көпчүлүгү көп саат күтүү адилетсиздигине туш болушат.

Телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө Айше жергиликтүү элден уккан окуяларын жана басып алуудан улам болгон бардык азап-кайгыларды айтып берди. Анын Кудстагы тажрыйбасы жана Израиль аскерлеринин аны тарыхый Аль-Акса мечитине киргизбей койгону тууралуу да сүйлөштүк.

Айше да палестиналыктардын күнүмдүк реалдуулугу болгон оккупациянын толук күчү менен бетме-бет келди. Ал мага израилдиктер анын паспортун чек арадан алып кетишкенин, анын сапарынын чоо-жайын сурашып аны көпкө күттүрүп, акыры киргизип коюшканын айтты.

Биз Айшаны өмүрүнүн аягына чейин  адилеттүүлүк жана Палестинанын эркиндиги үчүн  жашаган адам катары эстейбиз. Биз аны эч качан унутпайбыз. Дүйнө аны эч качан унутпайт жана биз оккупация аяктаганга чейин күрөштү улантабыз.

Айрыкча Айше ал жерде саналуу гана күн болгонуна карабай, басып алуу астындагы элдин азап-кайгысы тууралуу гана сөз кылып жатты.

Мурас


Айшенин трагедиялуу өлтүрүлүшүнөн мурун пландары бар болчу. Бир нече күндөн кийин, Хеврон шаарында үй-бүлөм менен жолугушуусу керек болучу, бирок болбой калды.

Биз Айшени өмүрүнүн аягына чейин  адилеттүүлүк жана Палестинанын эркиндиги үчүн  жашаган адам катары эстейбиз. Биз аны эч качан унутпайбыз. Дүйнө аны эч качан унутпайт жана биз оккупация аяктаганга чейин күрөштү улантабыз.

Биз ар дайым ал салган жолду улантабыз жана өзгөрүү болгонго чейин дүйнөгө адилеттик жана теңдик кабарын тарата беребиз.

Айшенин мурасы, коомчулугунан адамдарды бириктирүү болчу. Эми анын элесине, коомдук уюштуруучулар жана адилеттик топтору, анын күчүнөн жана айкын сезиминен шыктанып, биригип, Айше тандаган татаал бирок дайыма артынан ээрчигиси келген өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн биргеликте иштешет.