ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Грецияда аба ырайынын ысышы менен Крит үч күндөн бери токой өрттөрү менен күрөшүүдө
Миңдеген турист мейманканасына кайтып, өрт өчүрүүчүлөр Криттеги токой өртү менен үч күндөн бери күрөшүүдө.
Грецияда аба ырайынын ысышы менен Крит үч күндөн бери токой өрттөрү менен күрөшүүдө
/ REUTERS
5 Июль 2025

Жума күнү Криттеги токой өрттөрүн көзөмөлгө алуу аракеттери катуу шамалдан улам кыйындады. Бул өрттөр токойлорду жана зайтун бактарын жок кылып, миңдеген тургундарды жана туристтерди аймактан эвакуациялоого аргасыз кылды.

Шамал жана кургак аба шарттары буга чейин өрт өчүрүлгөн аймактарда кайрадан өрттүн башталуу коркунучун күчөтүүдө. Өрт менен күрөшүүнүн үчүнчү күнүндө 130 өрт өчүргүч, 48 унаа жана 6 тик учак иштеп жатат.

Грециянын борбор шаары Афинада Коропи аймагынан 800 адам эвакуацияланды. Өрт өчүрүү кызматынын өкүлү бул жерде 120дан ашуун өрт өчүргүч, 8 учак жана 8 тик учактын өрт өчүрүү иштерине жардам берип жаткандыгын билдирди.

Криттеги жана Афинадагы өрттөр Европанын көпчүлүк бөлүгү эрте келген жайкы ысык толкундан жабыркап жаткан учурда болууда. Жетекчилер бул ысык толкундун континентте кеминде 8 адамдын өмүрүн алганын билдиришти.

Криттеги өрттөр шаршемби күнү Иерапетрадан 16 чакырым чыгышта жайгашкан айылда башталып, аралдын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү айыл - чарба аянттарын жок кылды. Өрттөн кийин өлүк жаныбарлар жана күйүп кеткен ферма үйлөрү калды.

Зайтун дарактарын өстүрүү Георгиос Пулис күйүп кеткен жүк ташуучу унаасынын жанында жабыркаган айыл чарба жабдууларын иргеп жаткан.

"Зыянды эсептөө мүмкүн эмес: суу бургулоочу жабдуулар, түтүктөр, дөңгөлөктөр, унаалар, бетон аралаштыргычтар», - деди ал айланасын жаңсап.

Иерапетра жана Түштүк-Чыгыш Крит мейманканалар ассоциациясынын башчысы Георгиос Царакис Рейтер агенттигине берген маегинде эвакуацияланган 3500 туристтин көбүнүн мейманканаларга кайтып келгенин билдирди.

Туризм Грециянын эң чоң аралы болгон Критте маанилүү киреше булагы болуп саналат жана жергиликтүү мейманкана ээлери өрт жайкы эс алуу сезонунун башталышында чыккандыктан, келечектеги брондоолордон тынчсызданышууда.

Грецияда температура жума күнү 38 градуска чейин жетет деп болжолдонууда, деп билдирди Грециянын аба ырайы кызматы.

Афинанын башка четиндеги Пикермиде бейшемби күнү 148ге жакын өрт өчүрүүчү өрткө каршы күрөшүп, көптөгөн үйлөргө коркунуч келтирип, электр жарыгын өчүрүп, 300дөн ашуун адамды коопсуз жайга эвакуациялоого аргасыз кылган өрт менен күрөштү. Өрт өчүрүү кызматынын өкүлү өрттүн көзөмөлгө алынганын, бирок толук өчүрүлө электигин белгиледи.

Италияда саламаттыкты сактоо министрлиги жума күнү бакйоо жүргүзгөн 27 шаардан 20сын ысык аба толкунунан улам кызыл эскертүү абалына өткөрдү. RAI мамлекеттик телерадиокомпаниясы Флоренцияда температура 38 градуска, ал эми Рим, Болонья жана Перуджа шаарларында 37 градуска чейин көтөрүлөрүн билдирди.

Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөнүн ысык менен күрөшүп жатканын, июнь айынын башынан бери ысыктан улам келип чыккан оорулардан 341 адам каза болду деп болжолдоодо.

Ысык аба ырайы менен бирге токой өрттөрүнүн коркунучу да күчөп баратат.

Греция жана башка Жер Ортолук деңиз өлкөлөрү окумуштуулар "токой өртүнүн коркунучтуу аймагы" деп атаган аймакта жайгашкан. Бул аймакта ысык жана кургак жай мезгилинде өрттөр көп болот. Акыркы жылдары климаттын тез өзгөрүшүнөн улам бул өрттөр кыйратуучу мүнөзгө ээ болуп, жаңы ыкмалардын керектигин ортого чыгарды.

Кызыл Крест жана Кызылай Коомдорунун Федерациясы ушул аптада билдирүү жасап: "Сентябрь айында бир нече ысык толкундар жана өрт коркунучу күтүлүп жаткандыктан, реактивдүү кийлигишүүдө. проактивдүү даярдыкка өтүү зарылчылыгы бар", - деп билдирди.

Иликте
Ирактагы май куюучу учак кырсыкка учурап, Америка экипажынын төрт мүчөсү каза болгону тастыкталды
Түрк желектүү кеме Ормуз  кысыгынан өттү
Ирандан түрк аба мейкиндигине атылган баллистикалык ракетаны НАТО жок кылды
Пакистандын премьер-министри Шариф өз өлкөсүнөн Сауд Арабияга "толук колдоону" убада кылды
Сербия Хорватия-Албания-Косово альянсына каршы даярданууда
Гутерриш: Жакынкы Чыгыш АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам орчундуу абалда
Россия дүйнөлүк энергетика рыногунун орус мунайына муктаж экенин айтууда
Президент Эрдогандан БУУнун Башкы катчысы Гутерришке "Ататүрк" эл аралык тынчтык cыйлыгы
АКШ аскердик учагы Ирактын батышында кулады
Эрбилдеги дрон чабуулунан бир адам каза болуп, жети француз аскери жаракат алды
Пакистан Кабул жана Ооганстандын чек ара аймактарына жаңы аба соккуларын жасады
АКШ, Россия жана Кытайдын ортосунда Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишпестик
Израилдин Бейруттагы чабуулунан эки адам каза болду
Нетаньяху Ирандын жаңы Жогорку лидерин коркутуп, АКШ менен Израилдин чабуулун жактады
Кытай Ормуз кысыгындагы бардык тараптарды кемелерге кол салууну дароо токтотууга чакырды