САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Германиянын канцлери Мерц бизнес келишимдери үчүн Кытайдын жасалма интеллект борборуна барды
Фридрих Мерц Кытайдын технологиялык борборуна иш сапары менен барган ишкерлер делегациясын жетектеп, стратегиялык чыңалууларга карабастан соода кирешелерин камсыз кылуу жана өлкөсү үчүн терең экономикалык байланыштарды түзүү максатын көздөйт.
Германиянын канцлери Мерц бизнес келишимдери үчүн Кытайдын жасалма интеллект борборуна барды
Германиянын канцлери Мерц Кытайда. / AFP
26 Февраль 2026

Германиянын канцлери Фридрих Мерц бейшемби күнү Кытайдын технологиялык борбору Ханчжоуга ишкерлер тобу менен барды. Мерц Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, Airbus келишимин жарыялагандан бир күн өткөндөн кийин жаңы келишимдерге кол коюуга үмүттөнөт.

Мерцтин Кытайга биринчи расмий сапары Берлин менен Пекин АКШнын президенти Дональд Трамптын тарифтик чабуулу жана туруксуз тышкы саясатынан улам пайда болгон глобалдык белгисиздикке каршы туруу үчүн ондогон жылдар бою созулган экономикалык байланыштарын чыңдоого умтулуп жаткан учурга туш келди.

Дүйнөдөгү экинчи ири экономика болгон Кытай өткөн жылы АКШны оозуп өтүп, Германиянын эң ири соода өнөктөшү болуп калды. Берлин ошондой эле Коммунисттик партия башкарган Кытайды Батыштын системалуу атаандашы катары карайт.

Германиянын лидери Кытайга Volkswagen, BMW жана Mercedes сыяктуу автомобиль гиганттарынын жетекчилерин камтыган бизнес лидерлеринин чоң делегациясы менен барды.

Бейшемби күнү эртең менен Мерц Бээжиндеги Mercedes заводуна барып, ал жерде өзү жүрүүчү унааларды көрүп чыкты.

Андан кийин Ханчжоуга барган Мерц Германиянын Siemens Energy жана Кытайдын гуманоид робот өндүрүүчүсү Unitree компанияларынын заводдорун кыдырат.

Кытайдын чыгышында жайгашкан Ханчжоуда жасалма интеллект гиганты DeepSeek жана электрондук коммерция гиганты Alibaba сыяктуу бир нече ири кытай технологиялык компаниялары жайгашкан.

Кытай Европа Биримдигинин рыногун арзан товарлар менен каптап жатат деп нааразы болгон европалык бизнес лидерлери Мерцти соодадагы чоң дисбалансты күн тартибинин башында кармап турууга чакырышты.

Германиянын Кытай менен соода тартыштыгы өткөн жылы рекорддук 89 миллиард еврого (105 миллиард доллар) жетти.

"Жаңы деңгээлдер"

Шаршемби күнү Кытайдын борборунда Си Цзиньпин жана башка жогорку даражалуу кытай лидерлери менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Германиянын канцлери, Кытайдын 120га жакын Airbus учагын сатып алууга макул болгонун, мунун "мындай сапарлардын канчалык натыйжалуу экенин көрсөтүп турганын айтты.

Мерц башка келишимдер да жакындап калганын кошумчалады.

Эки лидер стратегиялык мамилелерди өнүктүрүүгө болгон берилгендигин баса белгилешти жана Си Цзиньпин Мерцке мамилелерди "жаңы деңгээлге" көтөрүүгө даяр экенин маалымдады.

Мерц ошондой эле Кытай өзүнүн аймагы деп эсептеген жана аннексиялоо үчүн күч колдонушу мүмкүн экенин айткан Тайвань маселесине токтолду.

Германиянын канцлери кандайдыр бир "кайрадан биригүү" тынчтык жолу менен жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Мерц Си Цзиньпин менен Украинадагы согушту да талкуулады. Кытайдын мамлекеттик "Синьхуа" маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Си дипломатиянын "бул маселе үчүн чечүүчү" экенин айтты.

Мерц акыркы мезгилдерде Бээжин менен тыгыз байланыш түзүүнү көздөгөн бир нече Батыш лидерлеринин бири.

Трамптын туруксуз саясатынан баш тарткан Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Франциянын премьер-министри Эммануэль Макрон жана Канаданын премьер-министри Марк Карниниден кийин Мерц да ушул жолдо илгерилеп баратат.

Трамптын да 31-марттан баштап Кытайга барышы күтүлүүдө.

Иликте
Улуттук крогоо министрлиги: "Түрк аба мейкиндигине багытталган баллистикалык ракета жок кылынды"
Москва Украинаны Жер Ортолук деңизинде LNG кемесине кол салды деп айыптады
Өзбекстан педофилияга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын бекитти
Кувейттин F/A-18 учагы "достук огу" окуясында үч америкалык F-15 учагын атып түшүрдү
АКШ саякат боюнча эскертүүлөрүн жаңыртып, төрт Араб  өлкөсү үчүн саякат кооптуулугун жогорулатты
Иранга таандык дрон Сауд Арабиядагы ЦРУнун станциясына сокку урду
АКШ алты араб өлкөсүндөгү кызматкерлерине чыгып кетүү буйругун берди
Непал элдик толкундоолордон кийин шайлоо өткөрөт
АКШ менен Израилдин Иранга каршы  согушу башталгандан бери 9000 америкалык  Жакынкы Чыгыштан качты
CENTCOM: АКШнын Иранга каршы операциясы уланып жатат
Трамп АКШ флотуна Ормуз кысыгынан өтүп бараткан танкерлерди коргоону камсыз кылуу буйругун берди
Түштүк Кореялык командир ийгиликсиз аскердик абалдагы ролунан улам кызматтан четтетилди
Чек арадагы кагылышуулар уланууда: Пакистан 67 афган коопсуздук кызматкери каза болгонун билдирди
Израиль Ливанга кол салууда "Хизбулланын" жогорку кызматкерин өлтүргөнүн билдирди
Иранга кол салуулардан улам АКШнын ракеталык запастары түгөнүп баратат