Израиль армиясы акырындык менен Газанын чыгышына чегине баштады

Channel 12 каналы израилдик күчтөрдүн Рафах жана Хан Юнустан чыгышты көздөй чегинип, Газанын түндүгүнөн Израиль чек арасына жакындашы күтүлүп жатканын билдирди.

Израиль армиясы Газанын чыгышына чегине баштады / Reuters

Израилдик басылмалардын маалыматына караганда, Израиль армиясы АКШ президенти Дональд Трамптын Палестина аймагындагы согушту токтотуу планында белгиленген аймактарга этап-этабы менен аскерлерин чыгара баштады.

Channel 12 каналы жума күнү: «Израиль армиясы алдыдагы 24 сааттын ичинде Газанын ичиндеги айрым аймактардан Трамп планынын алкагында Израиль менен Хамастын ортосунда макулдашылган Сары сызыкка карай чегинүүсүн аяктайт»,-деп билдирди.

Кабарда ошондой эле: “Израиль армиясынын Рафах менен Хан Юнустан (түштүк) жана Газанын түндүгүнөн чыгышты көздөй чегинип Израиль мамлекетинин чек арасына жакындашы күтүлүүдө” деп айтылды.

Бейшемби күнү эртең менен Трамп Израиль менен Палестиналык каршылык көрсөтүү тобу ХАМАСтын ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу планынын биринчи этабы боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялаган.

Бул макулдашуу эки тараптын Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында төрт күндүк кыйыр сүйлөшүүлөрүнөн кийин Түркия, Египет жана Катар делегацияларынын катышуусунда АКШнын көзөмөлү астында жетишилди.