АКШ Сенаты Иран согушун токтотуу демилгесин четке какты
АКШ Сенаты 47-53 добуш менен резолюцияны четке какты; бейшемби күнү Өкүлдөр палатасында да ушундай эле добуш берүү күтүлүүдө.
Америка Кошмо Штаттарынын Сенаты демократтар колдогон жана Трамптын администрациясын Конгресстин уруксатысыз ишке ашырылып жаткат Иран согушун токтотууга мажбурлай турган демилгени четке какты.
Шаршемби күнү 53-47 добуш менен сенаторлор "Иранга каршы согуштук ыйгарым укуктар резолюциясынын" Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинен Башкы Ассамблеяга өтүшүнө тоскоол болушту.
Демократиялык сенаторлор Тим Кейн, Адам Шифф жана Чак Шумер тарабынан сунушталган резолюция Конгресс аскердик күч колдонууга уруксат бербесе, администрацияны согушка катышуусун токтотууга мажбурлоону көздөгөн.
Республикачылардын көпчүлүгү резолюцияга каршы добуш берип, АКШнын Израиль менен биргеликте жүргүзүп жаткан Иранга каршы аба соккуларын чектөө боюнча Сенаттагы бул биринчи аракетке бөгөт койгон болду.
Республикачы сенатор Рэнд Пол өз партиясына каршы чыгып резолюцияны колдоп добуш берди, ал эми демократ сенатор Жон Феттерман ага каршы добуш берди. Кейн добуш берүү алдында журналисттерге: "Биз өз арабызда талкуулабай туруп жана добуш бербестен согушка аралашпашыбыз керек", - деди.
Республикачы лидерлер болсо президенттин аракеттерин жактап, Иранга каршы уланып жаткан аба соккуларын жүргүзүү ыйгарым укугу президентте экенин билдиришти.
Биринчи аракет ишке ашкан жок
Резолюциянын кабыл алынышы үчүн демократтарга Рэнд Полдун жана дагы кеминде төрт республикачынын колдоосу керек болчу. Эгерде резолюция бейшемби күнү ушул сыяктуу добуш берүү пландаштырылган Сенат жана Өкүлдөр палатасынан өтсө да, Трамптын вето коюу укугу болгон.
Конгресс президенттин ветосун жокко чыгаруу үчүн эки палатада тең үчтөн эки көпчүлүк добушка ээ болушу керек.
Кеп болуп жаткан Согуштук ыйгарым укуктар жөнүндөгү резолюция Вьетнам согушунан кийин кабыл алынган 1973-жылдагы Согуштук ыйгарым укуктар жөнүндөгү мыйзамга негизделген. Бул мыйзам Конгресске аскердик кийлигишүүлөр боюнча добуш берүүнү талап кылууга мүмкүндүк берет жана уруксатсыз кагылыштарды 60 күн менен чектейт.