Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия катары биз экспансиялык амбициялары менен географиябызда отко май куюп жаткандарга каршы өрттү өчүрүү, азапты жеңилдетүү жана кан төгүүнү токтотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен чын жүрөктөн күрөшүп жатабыз», - деди.
Эрдоган Президенттик сарайда өткөн Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылды.
Эрдоган өкмөт жыйынында ички саясат, экономика, коопсуздук жана тышкы саясат жаатындагы учурдагы окуяларды талкуулаганын айтып, сөзүн мындайча улантты:
«Аймагыбызда туруксуздук күчөп, жаңы чыңалуу аймактары пайда болуп жаткан мезгилде, өкмөт катары биз өлкөбүздү туруктуулук жана өнүгүү жолунда кармап турабыз. Дүйнөнүн агымы өлкөбүздө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо алдыдагы мезгилде Түркия үчүн ого бетер маанилүү болорун көрсөтүп турат. Мен жарандарыбыздын, көз караштарына, тегине же секталарына карабастан, бул тынчтык жана туруктуулук чөйрөсүн коргоодо биз сыяктуу эле кылдаттык менен иш алып барарын билем жана улутубузга анын акыл-эстүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Түркия катары биз экспансиялык амбициялары менен географиябызда отко май куюп жаткандарга каршы отту өчүрүү, азапты жеңилдетүү жана кан төгүүнү токтотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен чын жүрөктөн күрөшүп жатабыз. Балкан жеринен тартып түрк республикаларына чейин, кайсы жерде бир туугандарыбыз, улутташтарыбыз же досторубуз бар болсо, ар кандай платформаларда алардын укуктарын эң күчтүү түрдө коргойбуз. Коңшуларыбыздан баштап, дээрлик бардык өлкөлөр менен өз ара урматтоого негизделген достук мамилелерди жана жакшы мамилелерди түзүүгө умтулабыз. Андан тышкары, биз жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө көңүл буруп жатабыз. Биз муну менен эле чектелип калбастан ар кандай себептерден улам көп жылдар бою чектелүү мамиледе болгон өлкөлөр менен да жаңы өнөктөштүктөрдү курууга басым жасап жатабыз».





















