ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Хаменей АКШга Ирандын уран байытууну уланта берерин билдирди
Иран менен Америка Кошмо Штаттары Омандын ортомчулугу менен Маскат жана Римде кыйыр өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча беш жолу жолугушту.
Хаменей АКШга Ирандын уран байытууну уланта берерин билдирди
/ Reuters
4 Июнь 2025

Ирандын диний лидери Али Хаманей АКШнын өзөктүк байытуу иш-аракеттерин токтотуу чакырыгын четке кагып, бул процесстин өлкөнүн өзөктүк программасынын өзөгүн түзгөндүгүн айтты.

Шаршемби күнү Тегеранда Иран төңкөрүшүнүн негиздөөчүсү Рухулла Хумейниндин өлүмүнүн 36 жылдыгына арналган салтанатта сөз сүйлөгөн Хаменей АКШнын Ирандын өзөктүк иштери тууралуу “эч нерсе кыла албай” тургандыгын белгиледи.

Иран лидеринин айтымында, Вашингтондун негизги талабы Ирандын өзөктүк өнөр жайынан толугу менен баш тартып, энергетикалык муктаждыктары үчүн АКШга көз каранды болушу керектигин айтты. " Американын акылга сыйбаган талаптарына жообубуз так жана ачык: бул маселе боюнча алар эч нерсе кыла алышпайт»,- деген Хаманей АКШнын уранды байытуу иштеринин толугу менен токтотулушу тууралуу талабын четке какты.

Өткөн айдан бери Тегеран менен Вашингтон Омандын ортомчулугу менен Маскат жана Римде кыйыр түрдө өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн беш айлампасын өткөрдү. Эки тарап тең айрым жылыштар болгонун моюнга алса да азырынча так жыйынтыкка жетише элек.

Сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырган нерсе - АКШнын Ирандын уранды байытуу программасын толугу менен токтотууну талап кылышы. Ирандын тышкы иштер министри жана башкы сүйлөшүүчүсү Аббас Аракчи баштаган жогорку даражалуу ирандык жетекчилер бул талапты "сүйлөшүүгө мүмкүн эмес" деп мүнөздөштү.

Негизги өнөр жай

Шейшемби күнү социалдык медиадан маалымат берген АКШнын президенти Дональд Трамп администрациясынын Ирандын байытуу иштерине карата позициясын кайталады.

Трамп: “AUTOPEN Ирандын байытуу иштерин эбак эле токтотушу керек эле. Потенциалдуу келишимдин бир бөлүгү катары уранды байытууга жол бербейбиз», - деп жазган.

Трамптын бул билдирүүлөрү Омандын тышкы иштер министри Сейид Бедр бин Хамад Ел Бусаидинин өзөктүк келишимди жыйынтыктоону көздөгөн жана азырынча чоо-жайы жашыруун сакталып турган сунушту Аракчи тарабынан "АКШнын сунушунун элементтери" деп мүнөздөгөнүнөн бир нече күн өткөндөн кийин жасалды.

Бирок маалымат каражаттарында жарыяланган кабарларга караганда, сунуш Иранга өз аймагында белгисиз мөөнөткө "чектелген деңгээлдеги уранды байытууга" уруксат бериши мүмкүн.

Ирандын өзөктүк өнөр жайын “негизги өнөр жай” деп сыпаттаган Хаменей ирандык илимпоздордун көп жылдардан берки аракеттери менен өлкөнүн толук өзөктүк күйүүчү май циклин түзө алганын баса белгиледи.

Хаманей өзгөчө өлкөнүн коргонуу көлөмүнүн бекемдөөгө чакырып муну “улуттук көз карандысыздыктын башка бир негизи” деп мүнөздөдү.

Иликте
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат
Түрк прокурору Нетаньяхуну жана дагы 34 адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
Ирандын мамлекеттик медиасы: АКШнын «акылга сыйбаган» талаптарынан улам сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок
Вэнс: «Пакистандагы 21 сааттык узун сүйлөшүүлөр АКШ менен Иранды элдештире алган жок»
Эрдоган менен Макрон Иран, Ливан жана Газадагы ок атышууну токтотуу маселелерин талкуулашты
АКШнын чалгын кызматтары: Кытай Иранга абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү пландап жатат
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды