САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Трамп Иранды эскертти: Эгер АКШ позицияларына кол салсаңар, «теңдешсиз күч» менен жооп кайтарабыз
Трамп Израилдин Иранга жасаган чабуулдарына АКШнын эч кандай тиешеси жок экенин айтып, эгер Иран америкалык кызматкерлерге же мүлктөрүнө жооп кайтарса, теңдешсиз күч колдонуларын эскертти.
Трамп Иранды эскертти: Эгер АКШ позицияларына кол салсаңар, «теңдешсиз күч» менен жооп кайтарабыз
Трамп Израилдин Иранга кол салуусуна АКШнын эч кандай тиешеси жок деп ырастады. / Reuters

Дональд Трамп жекшемби күнү Ирандын Америка Кошмо Штатттарынын позицияларына кол салса, АКШ армиясынын «толук күчүн» сезээрин эскертип, Тегерандын өзөктүк жана чалгындоо объектилерине Израилдин кол салууларына Вашингтондун «эч кандай тиешеси жок» деп кайталады.

Израилдин жума күнү эртең менен башталган чабуулдары Ирандын өзөктүк жана аскерий объектилерин бутага алып, ондогон адамдарды, анын ичинде жогорку аскер командирлери менен атомдук илимпоздорду өлтүрдү, дейт Тегеран.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху «Аятолла режиминин бардык бутасын» атууга убада берсе, Иран өлүмгө дуушар кылуучу ракеталык соккусу менен жооп кайтарды.

Трамп Израилдин чабуулу тууралуу алдын ала кабардар болгонун айтканы менен, жекшемби күнү эртең менен Truth Social платформасында АКШнын «Иранга бүгүн түнкү кол салууга эч кандай тиешеси жок» деп кайталады.

«Эгер бизге кандайдыр бир жол менен Иран кол салса, Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу күчтөрүнүн толук күчү жана кудурети сизге мурда болуп көрбөгөндөй сезилет», - деп айткан Трамп: «Биз Иран менен Израилдин ортосунда оңой келишим түзүп, бул кандуу кагылышууну токтото алабыз!!!»-деп кошумчалады.

ТийиштүүTRT Global - Israel urges US to join 'military campaign' against Iran: report

«Так далилдер»

 Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жекшемби күнү Тегеранда АКШ күчтөрү Израилдин ушул аптада Тегеранга каршы баштаган катуу бомбалоо кампаниясын колдоп жатканына далилдер бар деп билдирди.

Аракчи мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу чет элдик дипломаттар менен болгон жолугушуусунда: «Бизде америкалык күчтөр жана АКШнын аймактагы базалары сионисттик режимдин аскерий күчтөрүнүн кол салууларына колдоо көрсөтүп жатканы боюнча так далилдерибиз бар», - деди.

Жума күнү эртең менен АКШ президенти Тегеранды келишимге жетишүүгө чакырып, антпесе Израилдин «бир топ катаал» чабуулдарына кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Мурдагы президент Барак Обаманын тушунда Иран менен болгон тарыхый өзөктүк келишим Трамп 2018-жылы АКШны бир тараптуу чыгарып, санкцияларды кайра киргизгенден кийин бузулган.

ТийиштүүTRT Global - US must not get dragged into 'another Netanyahu war', warns Bernie Sanders

Иликте
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди