ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сириянын президенти Россия менен кагылышпастан эле Асаддын жоопко тартыларын айтты
Ал Шараа Асад режиминен улам бардык муундардын кыйынчылык тартканын айтып, Асадды жоопко тартуу үчүн бардык мыйзам жолдорун колдоно тургандарын белгиледи.
Сириянын президенти  Россия менен кагылышпастан эле Асаддын  жоопко тартыларын айтты
Сириянын президенти Россия менен кагылышпастан эле Асаддын жоопко тартыларын айтты. / Reuters

Сириянын президенти Ахмед Ал Шараа өкмөтүнүн Баас режиминин мурдагы лидери Башар Асадды жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык мыйзамдуу механизмдерди колдоноорун, бирок учурда Асадды кабыл алган Россия менен кагылышууга кирбей турганын айтты.

Ал Шараа дүйшөмбү күнү CBS News телеканалына берген маегинде:"Бүтүндөй бир муун чоң психологиялык травма өткөрдү. Ошондуктан боштондукка чыгуу мезгили адамдарга кайтып келүүгө жана кайра курууга жаңы үмүт берүү үчүн абдан маанилүү", - деди.

Президенттикке чейин көтөрүлүшү тууралуу ой жүгүрткөн Ал Шараа: "Бул сарайга кирүү абдан жакшы тажрыйба болгон жок. Бул сарай курулгандан бери Сирия элине көп жамандык жайылды. Биз Сирия аймагынын тышында эч кандай чара көргөн жокпуз, режимдин тышында эч кимди бутага алган жокпуз. Биз элди кылмыштуу режим тарабынан жасалган зулумдуктан куткардык",- деди.

Россия менен кагылышуу жок

Ал Шараа Асаддын келечеги тууралуу: «Биз Башар Асадды жоопко тартуу үчүн бардык мыйзамдуу жолдорду колдонобуз», - деди.

Бирок:"Россия менен кагылышуу Сирия үчүн кымбатка турат. Бул өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбейт",- деп кошумчалады.

Сентябрь айынын аягында Дамасктын тергөө судьясы Тевфик эл Али, Асадга каршы ишти эл аралык деңгээлде Интерпол аркылуу жөнөтүүгө даярдык көрүү алкагында, анын сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды.

Өткөн жылы декабрь айында Асад бийликтен кеткенден бир күн өткөндөн кийин Россия Асадга жана үй-бүлөсүнө “гуманитардык башпаанек” бергенин жарыялаган.

Сирияны дээрлик 25 жыл башкарган Асад 2024-жылдын аягында Россияга качып, 1963-жылы башталган Баас партиясынын ондогон жылдарга созулган башкаруусу акырына чыкты. Январь айында Ал Шараа жетектеген жаңы өткөөл өкмөт түзүлгөн.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"