САЯСАТ
2 мүнөт окуу
G7: "Иран эч качан өзөктүк куралга ээ боло албайт"
Чоң жетиликтин лидерлери билдирүүсүндө Израилдин коопсуздугун колдой тургандыктарын кайталашты.
G7: "Иран эч качан өзөктүк куралга ээ боло албайт"
G7 leaders say they will remain “vigilant” to the implications for international energy market. / Reuters

Жакынкы Чыгышта чыңалуу күчөп жатканда Кананада жолугушкан Чоң жетинин (G7) лидерлери Ирандын эч качан өзөктүк куралга ээ боло албай турганын билдиришти.

Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттарынын лидерлери билдирүү жасап, “Иран аймактык туруксуздуктун жана терроризмдин негизги булагы” дешти.

“Иран эч качан өзөктүк куралга ээ боло албай турганын ар дайым ачык айтып келгенбиз”, - деп кошумчалашты.

Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга болгон милдеттенмелерин кайталап, мындай дешти: “Бул контекстте Израилдин өзүн-өзү коргоого укугу бар экенин ырастайбыз. Израилдин коопсуздугуна колдообузду дагы бир жолу билдиребиз”.

Алар ошондой эле жарандарды коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

“Иран кризисин чечүү Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларды басаңдатууга, анын ичинде Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга алып келет деп үмүттөнөбүз”, – деп айтылды.

Лидерлер эл аралык энергетикалык рынокторго тийгизген таасири тууралуу “сергек” бойдон калаарын жана рыноктун туруктуулугун сактоо үчүн координация түзүүгө даяр экендиктерин маалымдашты.

АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттерге Жакынкы Чыгыштагы чыңалуудан улам G7 саммитин эрте аяктап, дүйшөмбү күнү Вашингтонго кайтаарын: «Белгилүү себептерден улам эрте кайтышым керек” түрүндө айтты.

Буга чейин Трамп Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөгөндүктөн, Тегерандын тургундарын “тез арада” эвакуациялоого чакырган.

Трамп Truth Social платформасында “Иран мен сунуштаган ‘макулдашууга’ кол коюшу керек болчу. Бул кандай гана өкүнүчтүү адам өмүрүн алды. Ачык айтканда, ИРАН ЯДРОЛУК КУРАЛГА ЭЭ БОЛО АЛБАЙТ. Мен муну кайра-кайра айтып келем! Баары Тегерандан дароо чыгып кетиши керек! деп кошумчалады.

Чыңалуу жума күндөн бери күчөп жатат, Израиль Ирандагы бир нече объектилерге, анын ичинде аскердик жана ядролук жайларга координацияланган аба соккуларын жана дрон чабуулдарын баштаган. Бул кол салуулар Тегеранды жооп кайтаруу чараларын көрүүгө түрткөн.

Иликте
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Кремль: "Путин Ирандын кагылышууну чечүү сунушун Трампка билдирди"
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Батыш Шериада каза болгон америкалыктар тууралуу маалымат Израилди коргоо максатында жашырылууда
Россия Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урганын жарыялады
2026 Нобель тынчтык сыйлыгы Нави Пиллайга эл аралык укук боюнча эмгеги үчүн берилди
Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу чечимди "уят" деп мүнөздөдү
Трамп администрациясынын мигранттарды АКШдан кемелер менен депортациялоону карап жатканы билдирилди
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат