ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Азербайжан менен Москванын ортосундагы чыңалуу күчөгөндүктөн, Азербайжан Россиянын өкүлүн чакырды.
Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө Бакунун Россиянын Екатеринбург шаарында болгон жана эки азербайжандыктын каза болушу менен жыйынтыкталган рейдге байланыштуу “ар тараптуу жана объективдүү” иликтөө жүргүзүүнү күткөндөрүн дагы бир жолу кайталады.
Азербайжан менен Москванын ортосундагы чыңалуу күчөгөндүктөн, Азербайжан Россиянын өкүлүн чакырды.
/ AA

Азербайжан өткөн айдын аягында Россиянын Екатеринбург шаарында болгон бир рейдде Азербайжандын эки жараны камакка алынып каза болгондон кийин эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуунун күчөшү менен Россиянын Бакудагы элчисин чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин шаршемби күнү берген билдирүүсүндө элчи Михаил Евдокимов Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Араз Азимов менен жолугушканы, Азимовдун Россия тарабынан бир күн мурун берилген түшүндүрмөнү Бакунун четке какканын четке какканын билдиргени белгиленди. Билдирүүдө бул билдирүүнүн каза болгон эки азербайжандыктын денесиндеги “зомбулуктун ачык издери” менен карама - каршы келгендиги айтылды.

“Орус медиасында рейддерге байланыштуу этникалык чыдамсыздыктын көрүнүштөрү байкалганы жана азербайжандыктарга карата "этникалык кылмыштуу топ" сыяктуу сөздөрдүн колдонулушу кабыл алынгыс экени баса белгиленди,” - деп айтылды.

Билдирүүдө окуя тууралуу "“ар тараптуу жана объективдүү” иликтөөнүн жүргүзүлүшү жана окуя боюнча жооптуулардын жазаландырылышы тууралуу Бакунун күтүүлөрү Москвага эскертилди. Азербайжандын позициясынын Россиянын ички иштерине кийлигишүү катары көрсөтүлүшү “негизсиз” экендиги айтылды.

“Азербайжандын ‘Спутник-Азербайжан’ кеңсесинде көрүлгөн чараларга байланыштуу Россиянын билдирүүлөрүнүн негизсиз экени айтылды,” - деп кошумчаланды билдирүүдө.

Өзгөчө былтыр декабрь айында Казакстанда болгон жана учактагы 67 кишиден 39 киши каза болгон Азербайжан аба жолдорунун учак кырсыгы тууралуу “чыныгы” абалдын Россия тарабынан бурмаланууга аракет кылынышы айтылды. Бакунун толук жана ачык иликтөө жүргүзүү боюнча күтүүлөрү дагы бир жолу баса белгиленди.

“Россия тарап эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну жана терс маанайды жоюу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө чакырылды,” - деп айтылды.

Орус жтекчилер Азербайжандын билдирүүсүнө дароо комментарий берген жок.

Шейшемби күнү Россия өлкөсүндөгү Азербайжандын элчисин чакырып, Тышкы иштер министрлигинин "достукка жатпаган" аракеттер катары аныктады жана Бакунун эки тараптуу карым - катнаштарды бузууну максат кылган “атайын кадамдарды" таштагандыгын белгилеген темалар тууралуу “күчтүү” нааразычылык нота берди.

Бул кадам 27-июнда Екатеринбург шаарында болгон рейддерден кийин эки азербайжандык каза тапкан жана дүйшөмбү күнү Бакудагы "Спутник Азербайжан" маалымат агенттигинин кеңсесинде жүргүзүлгөн операциядан кийин агенттиктин башчысы жана башкы редактору камакка алынган окуялардан кийин жасалды.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"