ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Стамбул аэропорту катары менен эки жолу дүйнөнүн эң мыкты аэропорту болду
Стамбул аэропорту Travel + Leisure тарабынан катары менен эки жолу дүйнөнүн эң мыкты аэропорту болду. Аэропорт эки жыл мурун 7 - орунду алган болсо эми эң жогорку орунда турат.
Стамбул аэропорту  катары менен эки жолу дүйнөнүн эң мыкты аэропорту болду
/ Anadolu Agency

Алдыңкы саякат журналы Travel + Leisure жүргүзгөн сурамжылоодо Европанын эң чоң аэропорту болгон Стамбул аэропорту экинчи жолу катары менен дүйнөнүн эң мыкты аэропорту болду.

Аэропорттун упайы да өткөн жылга салыштырмалуу жогорулап, 95.79 упайдан 98.57ге жетти. 2023-жылдагы сурамжылоодо 83.36 окурмандардын упайы менен жетинчи орунду алган Стамбул аэропортунун быйылкы өсүшү Travel + Leisure тарабынан "өзгөчө таасир берүүчү" деп мүнөздөлдү.

Аэропортторго Travel + Leisure окурмандары тарабынан жеткиликтүүлүк, катталуу тажрыйбасы, коопсуздук, тамактануу жолдору, соода кылуу жана жалпы дизайн сыяктуу критерийлердин негизинде баа берилүүдө.

Стамбул аэропортунун оператору ИГА 17-июлда берген билдирүүсүндө журналдын башкы кеңсеси Нью-Йоркто өткөрүлгөн сыйлык тапшыруу аземине тармактын лидерлери менен сыйлуу коноктордун келгенин жарыялады.

ИГА  Стамбул аэропортунун  сыйлыгын журналдын башкы редактору Жаклин Гиффорд тарабынан Корпоративдик коммуникациялар директору Гөкхан Шенгүлгө тапшырылды.

Шенгүл: "ИГА Стамбул аэропортунда көрсөткөн кызматтарыбыздын операциялык мыктылыгы жагынан гана эмес, маданий баалуулук жагынан да таанылышы биз үчүн чоң сыймык. Түрк маданиятынын меймандостугу, көрктүүлүгү жана дүйнөлүк стандарттардан ашкан тейлөө түшүнүгү менен айырмаланып турушу биз үчүн өзгөчө маанилүү", - деди.

«Бир гана ИГАны эмес, Стамбулду жана өлкөбүздүн бай маданий мурасын эл аралык аренада көрсөтүп, анын бренд баасына салым кошконубуз үчүн абдан сыймыктанабыз»,-деди Шенгүл.

ИГА Стамбул аэропорту 2021-жылы журналдын престиждүү рейтингине кирген биринчи түрк аэропорту болуп, 2024-жылы да дүйнөнүн эң мыктысы болуп тандалды.

ИГА: «Бул жылдын биринчи ондугуна ИГА Стамбул аэропортунан кийин Сингапур, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Япония, Индия жана Гонконг сыяктуу алдыңкы дүйнөлүк аэропорттор кирди. Бул ИГАнын глобалдык сахнадагы ийгилигин көрсөтүүдө»,-деди.

Стамбул аэропорту өткөн жылы Европанын эл эң көп болгон экинчи аэропорту болгон жана ушул жылдын апрель айында үч учуу тилкеси  бир убакта иштей баштады.

 Бул бурулуш жери, Стамбул аэропрту Европада үч учуу тилкесине ээ биринчи аэропорт болуп, АКШдан кийин дүйнөдө экинчи орунду алды.

Өзгөчө Эл аралык аэропорттор кеңеши Европанын 2024 тарифтик отчетуна караганда өткөн жылы Европанын эң жыш аба аркылуу жүк ташуу борбору болду.

Европа Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) жумалык маалыматына караганда Стамбул аэропорту күнүмдүк каттамдардын саны боюнча Европада көп жолу биринчи орунду алды.

 

 

Иликте
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Түркиянын аймактык ролу Ирак багытында мунай агымын көбөйтүү максаты менен чыңдалат
Израиль түнү менен Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Эгер жаңы согуш башталса, дагы да кыйратуучу куралдарды колдонобуз"
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны  12ге жеткенин билдирди
Түштүк Корея: "Түндүк Кореяда 80-120 ядролук курал бар деп болжолдонууда"
НАТО Орусиянын Калининград облусунуна жакын аймакта аба машыгуусун өткөрдү
Иран: АКШнын "Экономикалык D-Day операциясы" өзүнүн кризисин жашыруу аракети
Румыниянын Украина чек арасына жакын токойлуу аймакка бир жума ичинде экинчи жолу дрон кулап түштү
НАТО Ирандын Европадагы АКШ объектилерине карата ыктымалдуу кол салууларына даяр