Газа тилкесиндеги ок атышпоо келишимине Түркия, Катар, Египет жана АКШ кепилдик кылууда
Хамас 2000дей палестиналык туткунду бошотуунун ордуна 20 израилдик туткунду өткөрүп берет. Бул келишимдин биринчи этабы болот.
АКШ президенти Дональд Трамптын Газа боюнча планынын биринчи этабына байланыштуу келишимге кол коюу 09.00 GMT убакытта өтөрү күтүлүүдө, деп бейшемби күнү Reuters агенттигине келишимдин чоо-жайы тууралуу маалымат берген булак билдирди.
Келишимге кол коюлгандан кийин Газа аймагында ок атышууну токтотуу күчүнө кирери күтүлүүдө, деп кошумчалады булак.
Катар, Египет, АКШ жана Түркия Газа боюнча тынчтык келишиминин кепилдери катары кол коюшканын The Jerusalem Post маалымдады.
Израиль жана Палестиналык каршылык көрсөтүүчү ХАМАС тобу көптөн күткөн ок атышууну токтотуу келишимине жетишкенин билдиришти. Бул Трамптын Газа согушун токтотуу планынын биринчи этабы болуп саналат. Бул согуш 67 миңден ашуун палестиналыктын өмүрүн алып, Жакынкы Чыгыштын геосаясий абалын өзгөрткөн.
Бирок Израиль менен ХАМАС ок атышууну токтотуу планына макулдашканы жарыяланары менен, Газанын Жарандык коргоо агенттиги аймакта бир нече соккулар болгонун билдирди.
“Кечээ түнү Газа боюнча ок атышууну токтотуу келишими тууралуу жарыялангандан бери, айрыкча түндүк Газа аймактарында бир нече жарылуулар катталды”, - деди агенттиктин өкүлү Мухаммед Аль-Мугайир, Газа шаарындагы “интенсивдүү аба соккуларынын сериясын” белгилеп.
Ошол эле учурда Израилдин аскерлери бейшемби күнү аймакка жайгаштырылганын жана ар кандай операциялык абалдарга даярданып жатканын билдирди.
Бул арада, Reuters агенттиги келишимдин чоо-жайы тууралуу маалымат алган булакты шилтеме кылып, Израилдин коопсуздук кабинети жана өкмөтүнүн Газа боюнча келишимди талкуулоо жыйыны эки саатка жылдырылып, 14.00 GMT убакытка белгиленгенин кабарлады.
Келишим үч негизги пунктту камтыйт: израилдик туткундарды жана палестиналык туткундарды бошотуу, Израилдин аскерлерин белгиленген чекке чейин чыгарып кетүү жана көптөн бери блокадада жана согушта калган Газага зарыл жардамдарды жеткирүү.
ХАМАС тобунун ичиндеги булак AFP агенттигине билдиргендей, келишимдин биринчи этабынын алкагында 20 израилдик туткун 2 миңге жакын палестиналык туткунга алмаштырылат.
Алмашуу келишим күчүнө киргенден кийин 72 сааттын ичинде ишке ашат, деп сүйлөшүүлөргө катышкан булак билдирди.
Израилдик туткундар өмүр бою эркинен ажыратылган 250 палестиналык жана Израиль тарабынан кармалган, анын ичинде балдар жана аялдар болгон 1700 палестиналык туткунга алмаштырылат, деп кошумчалады булак.