СПОРТ
2 мүнөт окуу
АКШнын атайын өкүлү 2026 Дүйнөлүк кубокто Ирандын ордуна Италияны сунуш кылды
Жогорку өкүл Паоло Замполли Босния Герцеговинага жеңилип Дүйнөлүк кубок тандоолорунда утулган Италиянын төрт дүйнөлүк чемпиондугун бул сунушуна негиз кылып көрсөттү.
АКШнын атайын өкүлү 2026 Дүйнөлүк кубокто  Ирандын  ордуна Италияны сунуш кылды
Иран G тайпасындагы бардык оюндарын, анын ичинде Бельгия, Египет жана Жаңы Зеландия менен болгон беттештерин АКШда ойномокчу. (Сүрөт: АРХИВ) / Reuters

АКШ президенти Дональд Трамптын жогорку даражалуу кеңешчилеринин бири бир кабарга караганда жакындап келе жаткан ФИФА Дүйнөлүк кубогунда Ирандын ордуна Италиянын орун алышын сунуш кылды.

Financial Times басылмасынын шаршемби күнкү кабарына ылайык, бул сунуш Трамп менен Италиянын премьер-министри Жоржиа Мелонинин ортосундагы мамилени оңдоо аракети катары каралууда. Эки лидердин мамилеси Трамптын Иран согушуна байланыштуу Рим папасы Лео XIVкө карата айткан сындарынан кийин чыңалган.

АКШнын атайын өкүлү Паоло Замполли Трамп менен ФИФАнын президенти Джанни Инфантиного дүйнөлүк чемпионатка Ирандын ордуна Италиянын катышуусун сунуштаганын ырастады.

Италияда төрөлгөнүн белгилеген Замполли АКШ кожоюндук кылган бир мелдеште «Көк формалууларды» көрүү анын эң чоң каалоосунун бири экенин айтты.

Заполли төрт жолку чемпион Италиянын тарыхый жетишкендиктери мелдешке катышууга толук негиз боло аларын жактады.

Ошол эле учурда, Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Фатма Мохажерани шаршемби күнү Иран улуттук футбол курама командасынын 2026-жылы АКШда өтө турган ФИФА Дүйнөлүк кубогуна катышуусуна толук даяр экенин билдирди.

Мухажерани мамлекеттик IRIB телеканалына берген маегинде Жаштар жана спорт министрлиги команданын мелдешке натыйжалуу катышуусу үчүн бардык зарыл даярдыктарды көргөнүн билдирди.

«Иран келе жатат»

Ал эми ФИФА лобби аракети боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, Инфантино өткөн аптада Иран курама командасынын мелдешке катышары күтүлүп жатканын айтты.

Инфантино Вашингтондогу конференцияда Иран курамасынын сөзсүз келерин ырастады.

Иран АКШ‑Израиль согушуна байланыштуу оюндарын Мексикага жылдырууну суранган.

Иран G тайпасындагы Бельгия, Египет жана Жаңы Зеландия менен беттештерин АКШда ойнойт.

ФИФАнын веб-сайтындагы беттештерге ылайык, Иран 15-июнда Лос-Анжелес стадионунда Жаңы Зеландия, 21-июнда ошол эле стадиондо Бельгия, ал эми 26-июнда Сиэтл стадионунда Египет менен ойнойт.

Иликте
Тышкы иштер министри SEEP саммитине президент Эрдогандын атынан катышат
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Газага дээрлик күн сайын кол салып жатат
Анталияда жаа атуу боюнча дүйнө кубогунун үчүнчү этабы башталды
Түркия менен Канада эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат
Иран: Ормуздан Баб эль-Мандебге чейинки линия каршылык көрсөтүүнүн жаңы коопсуздук багыты болот
Россия: "Палестиналыктар Чыгыш Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетке ээ болушу керек"
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү
Президент Эрдоган Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучусу менен жолугушту
Армениянын  тышкы иштер министри Мирзоян Түркия менен толук  нормалдашуу боюнча үмүттүү
ДММ "Түрк учактары грек министринин учагына жолтоо болду" деген дооматтарды четке какты
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү