Соода министрлигинин координациясында Африка Биримдиги жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) тарабынан уюштурулган Түркия-Африка бизнес жана экономика форуму (TABEF) Стамбул Конгресс борборунда уланууда.
Анадолу агенттиги (AA) Глобалдык байланыш өнөктөшү болгон жана «Түркия-Африка карым-катнаштарын күчтөндүрүү аркылуу орток кирешелерди бөлүшүү» темасы менен уюштурулган форумдун алкагында «Түркия-Африка бизнес жана экономика форумунун биргелешкен декларациясы» жарыяланды.
Тема боюнча өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөгөн соода министри Өмер Болат бүгүн башталып эртең аяктай турган масштабдуу жыйынга 27 Африка өлкөсүнөн 28 министр жана төрт аймактык уюм, көп сандаган министр орун басарлары, жогорку деңгээлдеги өкүлдөр, 4 миңге жакын африкалык жана түрк ишкерлери катышканын айтты.
Болат расмий сессиялардан тышкары көптөгөн тармактарда панелдер, көргөзмөлөр жана иштиктүү жолугушуулар өткөрүлгөнүн белгиледи. «TABEF Түркия менен Африканын ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштарды өнүктүрүүнү жана Африканын өнүгүүсүнө салым кошууну максат кылууда»,-деди.
Түркия менен Африканын ортосундагы соода көлөмү жана башка тармактардагы өнүгүүлөргө токтолгон Болат: «Түркия-Африка карым-катнаштарында соода, инвестиция, курулуш, кызмат көрсөтүү сектору, транспорт жана энергетика тармагында өзгөчө жылыш болду. Түркиянын Африка менен болгон тышкы соодасы 2003-жылы 5,4 миллиард доллар болсо, өткөн жылы 37 миллиард долларга жогорулады. Бул жылы да 40 миллиард долларга жетет деп болжолдоп жатабыз»,-деди.
"Африкага көз карашыбыз утуш-утуш принциптерине негизделген"
Министр Өмер Болат Африкада ачылган элчиликтердин санынын көбөйүшүнө, Түрк аба жолдорунун учкан жерлерине жана түрк курулуш фирмаларынын ишке ашырган долбоорлорунун көлөмүнө токтолуп:
"1,5 миллиарддан ашкан калкы менен Африка континенти 2050-жылы дүйнө калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Африка бай ресурстары, ички рыногу жана жаш калкы менен дүйнөнүн келечектеги экономикалык өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп калат. Түркия Республикасы катары Африкага болгон көз карашыбыз бир туугандык, адилеттүүлүк, теңдик жана сый-урмат принциптеринин негизинде түзүлгөн. Ушул алкакта TABEF саммитибиздин темасы глобалдык экономикалык белгисиздикти бирге башкаруу, глобалдык кыр көрсөтүүлөргө каршы күчтөрдү бириктирүү жана Түркия-Африка өнөктөштүгүн бекемдөө болуп саналат” деди.
"Биз соода көлөмүн мындан ары да көбөйтүүнү каалайбыз"
Африка Биримдигинин Экономикалык өнүгүү, соода, туризм, өнөр жай жана тоо-кен иштери боюнча комиссары Франсиска Татчуоп Белобе да өзгөргөн глобалдык контексттин алкагында өткөрүлгөн форумдун өтө маанилүү экенин айтты.
Белобе глобалдык экономика олуттуу стресске кабылганын жана инфляциялык басым, үзгүлтүккө учураган жеткирүү чынжырлары, климаттык соккулар жана күчөгөн геосаясий тирешүү туруктуу өнөктөштүккө түртүп жатканын белгиледи.
Белобе биргелешкен инвестиция жана долбоорлор аркылуу мамилелерди чыңдоо зарылдыгын баса белгилеп, төмөнкү билдирүүнү жасады:
"Ушул жагынан алганда Түркия менен Африка ансыз деле бул сапарды нөлдөн баштабай эле. Биз буга чейин түптөгөн пайдубалдын үстүнө куруп жатабыз. Бул форум быйыл бешинчи жолу өткөрүлүүдө. Биз буга чейинки төрт Африка-Түркия бизнес жана экономика форумунда курган нерселерибиздин үстүнөн курууну, ал тургай ашып өтүүнү каалайбыз жана Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы түздөн-түз соода көлөмүн дагы да көбөйтүү менен алдыга жылгыбыз келет. Мурда айтылгандай Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы тикелей инвестициянын көлөмүн андан ары көбөйтүүнү каалайбыз. Бул контекстте биз ушул өнүгүүлөрдү Африканын 2063-жылга карата стратегиялык максатынын алкагында илгерилетүүнү каалайбыз”.
Соода министри Болат менен Африка Биримдигинин Экономикалык өнүгүү, соода, туризм, өнөр жай жана тоо-кен иштери боюнча комиссары Белобе катышкан жыйында «Түркия-Африка бизнес жана экономика форумунун биргелешкен декларациясы» жарыяланды.
Декларацияда форумдун «Түркия менен Африканын ортосундагы стратегиялык экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана бекем, өз ара пайдалуу өнөктөштүк аркылуу туруктуу өнүгүүнү алдыга жылдыруу» максаты менен уюштурулганы белгиленди. Учурдагы глобалдык экономикалык белгисиздиктин шартында өткөрүлгөн иш-чарада Түркия менен Африканын ортосунда туруктуу, камтыган жана өзгөртө турган экономикалык өнөктөштүктү түзүүнүн мааниси баса белгиленди.
Биргелешкен декларацияга ылайык, форум экономикалык трансформация, индустриялаштыруу жана аймактык интеграция боюнча бирдиктүү көз карашка басым жасап, Африка Биримдигинин 2063-жылга чейинки күн тартибине жана БУУнун 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү күн тартибине берилгендигин ырастады.
Форумда Түркия-Африка экономикалык карым-катнаштарынын өсүп бараткан стратегиялык мааниси кубатталып, кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү, сооданы диверсификациялоо, технологиянын трансфери жана биргелешкен инфраструктуралык инвестиция тармактарында кызматташтыкты дагы да тереңдетүүнүн зарылдыгы баса белгиленди.
Эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтулган форум бизнес-коомчулуктар менен өкмөттөрдүн ортосундагы кызматташтык жана диалог урматталган, конструктивдүү жана утушка негизделген тематикалык багыттардын алкагында уланат деген ишенимин билдирди.
Бул тематикалык багыттар: "Азык-түлүк коопсуздугу жана туруктуу азык-түлүк өндүрүшү боюнча кызматташтык", "Түркия-Африка эл аралык жарандык авиация кызматташтыгы", "Дары-дармек жана медициналык буюмдар сектору", "Түркия-Африка логистикалык борбору", "Аялдардын лидерлиги жана ишкердиги", “Атаандаштыкка жөндөмдүү жана биргелешкен текстиль сектору", "Энергетика жана тоо-кен", "Африканын инфраструктурасын каржылоо муктаждыктарын канааттандыруу" жана "соода, технология жана санариптик өндүрүш" катары тизмеленди.
Быйыл бешинчи жолу өткөрүлгөн форумдун жыйынтыгынын ишке ашырылышы темасында макулдашуу түзүлүп, 2027-жылы алтынчы Түркия-Африка экономика жана ишкердик форумун өткөрүү чечими кабыл алынды.
















