ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
АКШ БУУнун Башкы Ассамблеясына катышары пландаштырылган Махмуд Аббастын виза өтүнүчүн четке какты
АКШ виза берүүдөн баш тарткандыктан Аббастын БУУнун Башкы Ассамблеясында видеоконференция аркылуу сөз сүйлөрү күтүлүүдө.
АКШ БУУнун Башкы Ассамблеясына катышары пландаштырылган Махмуд Аббастын виза өтүнүчүн четке какты
АКШ БУУнун Башкы Ассамблеясына катышуусу пландалган Махмуд Аббастын виза өтүнүчүн четке какты

АКШ келерки аптада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөөсү күтүлүп жаткан Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын виза өтүнүчүн четке какты.

“The Times of Israel” гезитинин АКШлык жана палестиналык расмий өкүлгө шилтеме жасап жазганына караганда, Аббас экинчи жыл катары менен БУУнун Башкы Ассамблеясында видеоконференция аркылуу сөз сүйлөөгө аргасыз болот.

Аббастан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн АКШга барышы күтүлүп жаткан башка палестиналык расмий өкүлдөрдүн да виза өтүнүчтөрү четке кагылды.

Палестиналык расмий өкүл виза берүүдөн баш тартуунун себеби "террористтик иштерге катышкан же террористтик уюм менен байланышы бар адамдарга виза берүүгө тыюу салган 212(а)(3)(В) беренеси" деп билдирди.

Аббастын виза өтүнүчүн жокко чыгаруунун себеби ошол элеби же жокпу, белгисиз.

Бир тараптан АКШнын Мамлекеттик департаменти Палестина башкаруучулугунун кызматкерлерине "реформаларды жүргүзбөгөн, АКШга байланыштуу милдеттенмелерин бузган жана тынчтык келечегине доо кетирүүчү иш-аракеттерди уланткан" деген негизде санкцияларды узартаарын, анын ичинде виза бербей турганын жарыялады.

Билдирүүдө Махмуд Аббаска виза берилбегендигине байланыштуу маалыматтар болсо камтылган жок.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди