ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ менен Израилдин чабуулу Ирандын эң ири мунай химиялык комплексине сокку урду
Израилдин коргоо министри бутага алынган объектилер Ирандын мунай химиялык экспортунун болжол менен 85 пайызын түзгөнүн жана "эми иштебей калганын" билдирди.
АКШ менен Израилдин чабуулу Ирандын эң ири мунай химиялык комплексине сокку урду
Архивдик сүрөт: АКШ-Израилдин соккусу Ирандын түштүк-батышындагы нефть-химиялык комплекске тийди. / Reuters

Иран маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулу түштүк-батыштагы ири энергетикалык борбор болгон Аселуйедеги Түштүк Парс мунай химиялык комплексин бутага алды.

Fars маалымат агенттиги чабуулдан кийин дүйшөмбү күнү комплексте жарылуулардын болгонун маалымдады.

Жарым расмий болгон “Мехр” маалымат агенттиги Жам жана Демаванд объекиттри менен бирге Асалуедеги нефтехимиялык объекитилерининчабуулдарга дуушар болгонун билдирди.

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац армия Ирандын эң ири мунай химиялык заводуна сокку урулганын ырастады.

Катц "Едиот Ахронот" гезитинде жарыяланган билдирүүсүндө: "Израиль жаңы эле Аселуйедеги Ирандын эң ири мунай-химиялык заводуна сокку урду", — деп белгиледи.

Катцтын айтымында, бутага алынган ишканалар Ирандын мунай-химиялык экспортунун болжол менен 85 пайызын түзөт жана "алар эми иштебейт".

Ирандык жергиликтүү жетекчи ишемби күнү Ирандын түштүк-батышындагы Хузестан провинциясында жайгашкан Махшахр атайын мунай-химиялык аймагына Израиль тарабынан ушундай эле чабуул жасалганын жана беш адамдын каза болгонун кабарлады.

Израиль ошондой эле өткөн айда Аселуйедеги "Түштүк Парс" атайын экономикалык аймагындагы газ ишканаларына чабуул жасаган.

Дүйнөдөгү эң чоң газ запасы болгон Түштүк Парс/Түндүк Купол мега аймагы Иран менен Катардын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн айда Түштүк Парс газ кенине жасалган чабуулдан АКШнын кабары жок экенин айтып, Тель-Авивдин мындан ары чабуул жасабай турганын билдирген.

Акыркы күндөрү Израиль Иранга каршы уланып жаткан согуштун алкагында маанилүү өнөр жай тармактарын бутага алды.

Жума күнү Израилдин премьер‑министри Биньямин Нетаньяху Израилдин соккулары Ирандын болот өндүрүштүк кубаттуулугунун болжол менен 70%ын жок кылганын, бул Тегерандын курал чыгаруу жөндөмүнө олуттуу таасирин тийгизгенин билдирген.

Болот — ракеталарда, учкучсуз учуучу аппараттарда (дрондор), кемелерде жана башка өнөр жайлык жана аскердик өндүрүш иштеринде колдонулган стратегиялык мааниге ээ материал.

Кац өзү менен бирге Нетаньяхунун армияга "Ирандын улуттук инфраструктурасына толук күч менен чабуул жасоону улантууга" буйрук бергенин билдирди.

Иликте
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту