Катар Израилди ок атышпоону бузуп, Газаны жашоого жараксыз кылганы үчүн айыптады

Катардын эмири Газадагы ок атышпоо келишиминин бузулушу жана Палестина жерлерине кол салууларынан улам аймакта начарлаган гуманитардык шарттарга Израилдин күнөөлүү экенин айтты.

Катар Израилди ок атышпоону бузуп, Газаны жашоого жараксыз кылганы үчүн айыптады / Reuters

Газада ок атышпоо келишиминин негизги ортомчуларынын бири Катардын эмири, Израилди 11 күн мурда күчүнө кирген ок атышпоо келишимин бузду деп айыптады. Бул айыптоо Израилдин Газадагы бир катар өлүмгө алып келген соккуларынан кийин айтылды.

Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани шейшемби күнү Кеңешүү кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз Израилдин Палестинадагы бардык мыйзам бузууларын жана иш-аракеттерин, өзгөчө Израилдин Газа тилкесин жашоого жараксыз аймакка айландырышын жана ок атышпоо келишимин буузуну улантуусун дагы бир жолу катуу айыптайбыз»,-деди.

Палестиналык каршылык көрсөтүү тобу ХАМАС да эл аралык коомчулукту 10-октябрда жетишилген ок атышпоо келишимин аткаруусу үчүн Израилге кысым көрсөтүүгө чакырган.

Ок атышпоо келишимине кол коюлгандан бери Израилдин аба соккуларынан 100гө жакын палестиналык набыт болуп, 200дөн ашууну жаракат алды.

Хамас, олуттуу тоскоолдуктарга жана Израилдин урандыларды катуу бомбалоосуна карабастан, израилдик туткундардын сөөктөрүн кайтаруу үчүн аракет кылып жатканын билдирди.

Бүгүнкү күнгө чейин Хамас 2000дей палестиналык туткундун ордуна 20 тирүү туткунду бошотуп, дагы 13 адамдын сөөгүн тапшырды.

Хамастын басма сөз катчысы Хазем Касем Израилди ок атышпоо келишимин кайра-кайра бузуп, гуманитардык жардамды чектөө менен Газа элине саясий кысым көрсөтүүдө деп айыптады.

Израилдин 2023-жылдын октябрь айынан бери уланган геноциддик кол салуулары 68 миң 200дөн ашуун палестиналыктын өлүмүнө жана 170 миңден ашуун кишинин жараланышына алып келип, аймактагы гуманитардык кризистин абалын ачыкка чыгарды.