Түркия Косовону жеңип, 2026-жылдагы Дүйнөлүк Кубокко жолдомо алды

Түркиянын футбол боюнча улуттук курама командасы тарыхында үчүнчү жолу Дүйнөлүк Кубоктун финалына чыкты. 2026-жылкы Дүйнөлүк Кубоктун финалы АКШда, Мексикада жана Канадада өтөт.

By
Түркиянын курама командасы Косовону жеңгенден кийин 2026-жылкы Дүйнө Кубогуна жолдомо алды. / Reuters

Түркия плей-офф беттешинде Косовону 1:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Керем Актүрөкоглу жеңиш голун 53-мүнөттө киргизди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган "Биздин балдар" деп аталган улуттук футбол командасын финалга чыкканы менен куттуктады.

Эрдоган улуттук курама команданын 24 жылдан кийин футболдун эң чоң сахнасында Түркияны күчтүү түрдө өкүлдүк кыларына ишенерин айтып, "Биздин балдар" ар дайымкыдай эле ай жылдыздуу форманы жеңиштен жеңишке алып барарына, улутубузду сыймыктандырарына толук ишенебиз. Бардык спортчуларыбыздын чекесинен өбөм", - деди.

Эрдоган ошондой эле командага Австралия, Парагвай жана АКШ менен ойной турган тайпалык беттештеринде ийгилик каалады.

Түркия биринчи жолу финалга 1954-жылы катышкан, бирок тайпалык этапта утулуп калган.

Түркиянын финалга экинчи жолу катышуусу болсо 2002-жылы Түштүк Корея жана Япония биргелешип өткөргөн Дүйнөлүк кубокто ишке ашкан. Түркиянын улуттук курама командасы үчүнчү орунду ээлеп, тарыхый ийгиликке жетишкен.